"Жыл мугалими-2025" сынагынын катышуучусу Султаналиева Гүлбарчын Эсенкановна диплом, төш белги менен сыйланды
"Жыл мугалими-2025" сынагынын катышуучусу Султаналиева Гүлбарчын Эсенкановна сынакка катышкандыгы үчүн диплом жана төш белги менен сыйланды
«Диндердин өнүгүү тарыхы» предмети боюнча мыкты мугалими Шаршенбаева Надира Абадановна
"Жылдын мыкты мугалими" сынагында кесиптешибиз Шаршенбаева Надира Абадановна калыстар тобунун чечими менен «Диндердин өнүгүү тарыхы» предмети боюнча мыкты мугалими деп табылды.
Нижний Новгороддогу Лобачевский атындагы университет менен кызматташуу
Аталган университет менен мектебибиздин директору Асанова Дамира Орозобековна расмий түрдө түзмө-түз кызматташуу келишимине кол койду. Орусиялык кесиптештерибиз окуучулардын билимге умтулуусу күч экенин баса белгилешип, өлкөбүздүн кооздугуна суктанышты.
2024-2025-окуу жылындагы "Алтын сертификаттын" ээси Азаматова Акмарал
2024-2025-окуу жылындагы "Алтын сертификаттын" ээси Азаматова Акмарал
Кыдыров Баястан "Алтын сертификаттын" ээси 2021-2022-окуу жылы.
"Манас таануу" теле сынагынын 2022-2023 окуу жылындагы жеңүүчүлөрү. "Каныкей" тобу
Мектеп - гимназиябыздын 10- классынын окуучу кыздарынан куралган Каныкей тобу быйылкы жылы "Манас таануу" сынагынын республикалык турунда 1- орунду багындырышты. Окуучуларды жетектеп сынакка даярдаган мугалими Сөлпүева Акак Солпуевна болду. Сынакка катышкан окуучуларыбыз баалуу белектер жана диплом менен сыйланышты.Биздин сыймыктуу окуучуларды, кыргыздын көөнөрбөс булагы болгон Манас эпосун окуп, изилдеп, сынактарда башкы орунду камсыздап жаткандыгы менен куттуктайбыз жана сыймыктанабыз.
"Алтын тамга 2024" артыкчылык аттестатынын ээси Исламова Акмарал
Биздин сыймыктуу окуучу. Исламова Акмарал. 11- В класстын окуучусу. Акмарал 2023-2024 окуу жылында мектепти "Алтын тамга аттестаты" менен аяктап жатат. Быйылкы жылы тапшырылган тесттен ийгиликтүү өтүп, Акмарал мектептин сүймөнчүгүнө айланды.
2022-жылдын 5-январында Математика боюнча республикалык олимпиаданын II этабы Кыргыз-Швед математикалык мектебинин базасында өткөрүлдү. Биздин мектептин 11-классынын окуучусу Канатбекова Кайыркүл 2-орунду камсыздады.
Республикалык олимпиаданын жеңүүчүсү

Новости

Бүгүн, 12-майда Нарын шаарында “Жыл мугалими-2026” сынагынын облустук туру өттү. Ага райондук турдан өткөн мугалимдер катышышты. Биздин мектептен төрт мугалим облустук турга жолдомо алышкан: Дин таануу сабагынын мугалими Эшимбекова Айсулуу; Информатика сабагынын мугалими Тезекчиева Элмира; Технология сабагынын мугалими Илипова Элмира; Математика сабагынын мугалими Усубалиева Үмүт. Мугалимдерибиздин бардыгы бүгүнкү сынакты ийгиликтүү…
Бүгүн, 9-май - Улуу Жеңиштин 81 жылдыгына арналган иш-чарага мектебибиздин жамааты катышты. Иш-чара “Өлбөс полктун” жөө жүрүшү менен башталып, согуштан курман болгондор эскерилди. Андан соң райондун мекемелеринин кызматкерлери, мугалимдер, дарыгерлер парадда басышты. Майрамдык иш-чаранын соңунда концерттик программа тартууланды.
Мектебибизде билим алып кеткен ийгиликтүү окуучуларыбыздын бири Акмарал Ибрагимова Европада окуп, Кореяда өткөн MUN конференциясына катышты. “Түштүк Кореяда өткөн эл аралык MUN (Model United Nations) конференциясына катышып, Кыргыз Республикасын өкүлчүлүк кылуу мен үчүн чоң сыймык жана баа жеткис тажрыйба болду. Бул иш-чара мага коом алдында ишенимдүү сүйлөөнү, өз позициямды так…

Мы в цифрах

46
ЖЫЛ
1700
ОКУУЧУЛАРДЫН САНЫ
150
БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР (ЖЫЛЫНА)
18901
КИТЕПТЕРДИН САНЫ