Мурзабекова Бегайым

Мурзабекова Бегайым 2004-жылы 31-январда төрөлгөн. Н. Жүндүбаева  атындагы мектеп-гимназиясынын 8-классынын окуучусу. Бегайымдын ырга, бийге болгон шыгы кичинесинен байкалган. 2-класстан баштап Кочкордогу музыкалык мектептин фортепиано бөлүмүнө катышып, кийинки жылы фортепиано боюнча облусттук сынактан 3-орунду алган. 2014-жылы, 4-классында райондук «Жоокер ыры» сынагында 1-орунду ээлеп, ал эми облусттук сынагынан 2-орунду камсыз кылган. 2015-жылы «Мен Кыргызстандык экениме сыймыктанам» облусттук сынагында ыр жанры боюнча 2-орун менен сыйланган. 2016-жылы Американын Кыргызстандагы Элчилиги тарабынан уюштурулган «Америка ырлары» райондук сынагында 1-орунду алып, облус деңгээлиндеги сынагында 2-орунду ээлеген. 2017-2018 жылдарында өткөрүлгөн «KGтай» таланттуу балдар арасындагы телесынактын финалынын жеңүүчүсү болуп, 1-даражадагы диплом менен сыйланган. 2018-жылда Өзбекстандын Ташкент шаарында өткөрүлгөн «Роза Востока» эл аралык конкурсунун лауреаты болгон. Ал эми 2019-жылдын апрель айында жыл сайын өтүлүүчү облусттук «Жаш таланттар» сынагында ыр жанры боюнча 1-орунду камсыздаган. Ушу эле жылдын 28-майдан 1-июнга чейин мөөнөттөлгөн Казакстандын Алматы шаарында уюштурулган эл аралык «Бозторгай» сынагында 1-орунду алгандыгы учун 1-даражадагы медаль жана диплом менен сыйланып келди.
Бегайым ырдан сырткары сүрөт тартууга абдан кызыгат. Келечекте ал белгилүү аниматор болуп, Кыргызстанда ушул тармакты өнүктүргүсү келет.