Көңүл буруңуздар!
Урматтуу келечектеги даярдоо жана биринчи класстардын ата-энелери (мыйзамдуу ѳкүлдѳрү)!
2020-жылдын 1-сентябрына карата мектепте даярдоо классына 130 окуучу гана кабыл алынат. Анын ичинен 30 окуучу кыргыз тилинде (1 класс) жана 100 окуучу орус тилинде (4 класс) ачылат.
Эскертүү: ар бир класста окуучунун саны 30 дан ашпайт.
Катталуу:
- Нинакан Жүндүбаева атындагы мектеп – гимназиясында 2020-жылдын 1-сентябрына карата даярдоо классына кабыл алуу электрондук формада катталуу жүрөт.
- Даярдоо классында окуган окуучулар автоматтык түрдө 1-класска которулат жана “Асел” бала бакчасынан 1 тайпа кабыл алынат.
Даярдоо жана 1-класстарга кабыл алуу үчүн керектүү документтердин тизмеси:
- Баланын туулгандыгы тууралуу күбѳлүктүн оригиналы жана кѳчүрмѳсү;
- Баланын жашаган жеринде катталгандыгы жѳнүндѳ маалым кат;
- Ата-эненин (мыйзамдуу ѳкүлдѳрүнүн) паспортунун оригиналы жана кѳчүрмѳсү;
- Мектепке кабыл алуу жѳнүндѳ ата-эненин (мыйзамдуу ѳкүлдѳрүнүн) арызы;
- Баланын медициналык картасы —№ 026 формасы;
- Баланын эмдѳѳ картасы —№ 063 формасы;
- 3х4 ѳлчѳмүндѳгү баланын сүрѳтү – 2 даана;
- Окуучунун ѳздүк делосу.
Эскертүү:
- Мектептин уставынын 8.2. пунктунун негизинде: мектеп-гимназиянын 1–класска кабыл алуу гимназияга бекитилген аймакта жашаган 6–7 жаштагы балдардын бардыгы арыздарынын жана аныкталган үлгүдөгү медициналык маалымкаттарынын негиздеринде сыноосуз, акчалай жана башка төлөмдөрсүз жүргүзүлөт.
- Эгерде ачылган класста бош орун бар болсо мектеп гимназияга бекитилбеген аймакта жашаган балдар үчүн 1-класска кабыл алуу 2020-жылдын 1-сентябрынан 5-сентябрга чейин жүргүзүлөт.