Мектеп жөнүндө маалымат

Мектептин тарыхы

Нинакан Жүндүбаева атындагы мектеп гимназиясы 1976-жылы эски Калинин мектебинин базасында ХХV–партсъезд атындагы сегиз жылдык  мектеп болуп уюшулган. 1980-1981-окуу жылында орто мектеп болуп, окутуу эки тилде  жүргүзүлүп  баштаган. 1985-жылы  мектептин жаӊы  имараты  курулуп  Кара-Коо  орто  мектеби болуп аталып, 1992-1993-окуу жылында Кыргыз Республикасынын эл акыны, жазуучу Нинакан Жүндүбаеванын ысымы  ыйгарылган. Мектеп үч кабаттуу,  типтүү 1176 орундуу. 2001-2002 – окуу жылында Н. Жүндүбаева атындагы «мектеп гимназия»  статусуна  Нарын облусунда биринчилерден болуп  ээ болгон.

Мектеп директорлору болуп … эмгектенген 

  1. Темирова Турсун “Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген мугалими”   1976 — 1992-жж.
  2. Мусаев Каналбек “Эл агартуунун мыктысы” 1992-1997-жж.
  3. Асангазиев Мурзабек “Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген мугалими”    1997-2008-жж.
  4. Бейшембаев Өмүрбек  “Эл агартуунун мыктысы”  2008-2018-жж
  5. Турсуналиев Тынчтыкбек Иманалиевич  2018-жылдан тартып.

Мектептин алган наамдары:

  1.  2010-жылдагы Республикалык мектеп окуучулар олимпиадасында ийгиликтерге жетишкендиги үчүн   сертификат 
  2.  Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги  сертификат   2012 жыл
  3. «Кыргыз Республикасынын инновациялык мектеби» —   сертификат    2014-жыл
  4.  «Жылдын мыкты мектеби»  диплом   2016-жыл
  5.  «Мыкты инновациялык мектеп»  грамота  2017 — жыл
  6.  Международный стандарт компьютерной грамотности ICDL  сертификат  2018г.
  7. «Жылдын мыкты мектеби»  диплом   2019-жыл

Сыйлыктары:

  1. Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын «Ыраазычылык каты»  2014 жыл
  2. Нарын облустук усулдук билим берүү борборунун «Ыраазычылык каты»  2014 жыл
  3.  Центр оценки в образовании и методов обучения «Благодарность»   2014-год
  4. Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын «Ыраазычылык каты»  2016 жыл
  5. Кочкор айыл өкмөтүнүн «Ыраазычылык баракчасы»    2017-жыл

Азыркы  мезгилде  мектепте  125  мугалим  эмгектенет. Анын ичинде 77 мугалим жогорку, 14 магистр, 15 бакалавр,  9 атайын орто билимдүү.

 

Сыйлыктары боюнча:

  • Эмгек сиңирген кызматкер – 1;
  • Билим берүүнүн мыктысы – 29;
  • Билим берүү министрилигинин Ардак грамотасы – 9;
  • Жогорку кеңештин Ардак грамотасы – 1;
  • Облустук усулдук билим берүү бөлүмүнүн Ардак грамотасы – 9;
  • РайБББ Ардак грамотасы – 25;

2019-2020 — окуу жылына карата мектеп ичинде жалпысынан 61 класс  комплект  бар,   жалпы окуучунун саны —1653. Анын ичинен жогорку класстарда (5-11-класстарда)  – 887 окуучу,   башталгыч  класстарда (1-4-класстарда)  – 666 окуучу, даярдоо классында 100 окуучу окуп билим тарбия алышат.

Мугалимдердин жетишкен ийгиликтери (конкурс, кароо сынактар):

Окуу жылыМугалимдин аты жөнүКароо сынактын аталышыАлган ордуАлган сыйлыгы
2014–2015Мөндүрбаева АйнураАпыш Койчуманов атындагы облустук кароо сынак“Гран при”     Медаль,  12000сом
2014–2015Турсуналиев ТынчтыкбекКөкөбай Мамбеталиев атындагы облустук кароо сынак“Гран при”   Медаль, 12000сом
2015–2016Тилекматова БагымКөп тилдүүлүк боюнча сабактын иштелмелерин жазуу боюнча Республикалык кароо сынакI орун  ноутбук
2015–2016Чынасылова АселКөп тилдүүлүк боюнча сабактын иштелмелерин жазуу боюнча Республикалык кароо сынакII орун  планшет
2015–2016Калманбетова ФатимаКөп тилдүүлүк боюнча сабактын иштелмелерин жазуу боюнча Республикалык кароо сынакII орун  планшет
2015–2016Исмаилова СалтанатКөп тилдүүлүк боюнча сабактын иштелмелерин жазуу боюнча Республикалык кароо сынакII орун  планшет
2016–2017Турсуналиев Тынчтыкбек“Жыл мугалими-2017” кароо сынак“Гран при”7000 сом
2017Н.Жүндүбаева атындагы мектеп- гимназиясынын командасы«Тарых жана маданият» карата райондук кароо сынак“Гран при”
2017 – 2018Сооданбекова Рахат“Жыл мугалими-2018” кароо сынакI орун7000 сом
2018Н.Жүндүбаева атындагы мектеп- гимназиясынын командасы«Аймактарды өнүктүрүү» жылына карата облустук кароо сынак“Гран при”10000сом
2018 – 2019Эшимбек кызы Айсулуу“Жыл мугалими-2019” кароо сынак“Мугалим коомдун күзгүсү – 2019” облустук кароо сынакII орун, “Интернет жылдызы”
2019 – 2020Н.Жүндүбаева атындагы мектеп- гимназиясынын командасыТурдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына карата өткөрүлгөн мугалимдер арасындагы кароо сынакI орунАлматы жолдомо
2019 – 2020Нурланбекова Жанара“Жыл мугалими-2020” кароо сынак“Гран при”7000 сом

 

 

Окуучулар арасында өткөрүлгөн олимпиадаларда жыл сайын райондук, облустук олимпиадада 1 орундарды камсыздап Республикалык олимпиадага катышып келишет.  Нургазы уулу Тимур, Анарбек кызы Нурлиза, Тилекматов Талгар, Малик уулу Алмаз, Молдалиева Айжамал сыяктуу окуучуларыбыз Республикалык олимпиадалардын катышуучулары.

Республикалык «Билимкана» олимпиадасында 2019-2020-окуу жылында:

  1. Орозобекова Алиман 4-“в” классынын окуучусу математика сабагынан 2-орун (мугалими Сооданбекова Рахат)
  2. Абылаева Айдай 4-“б” классынын окуучусу орус тили сабагынан 3-орун (мугалими Искакова Айнура)
  3. Качкынова Айдана 4-“д” классынын окуучусуматематика сабагынан 4-орун (мугалими Нарматова Кимия),
  4. Амандыкова Бермет 4-“д” классынын окуучусу орус тили сабагынан 5-орун (мугалими Нарматова Кимия)
  5. Абдырахманова Айсулуу 9-“в” классынын окуучусу 3-орун (мугалими Тилекматова Багым)

орундарды камсыздап уюлдук телефон жана диплом менен сыйланып келишкен.

Алтын тамга алган окуучулар:

  • 2016 – 2017 – окуу жылы – Кожошова Айперим, Бактыбекова Алина;
  • 2015 – 2016 – окуу жылы – Абдымажинов Тимур;
  • 2016 – 2017 – окуу жылы – Адамкалиева Аэлина, Нургазы к Айгерим;
  • 2017 – 2018 – окуу жылы – Бексултан кызы Азиса;
  • 2019 – 2020 – окуу жылы – Анарбекова Ырыскүл.

Flex программасы боюнча Америкага барып окуп келген окуучулар боюнча:

  • 2016 – 2017 – окуу жылы – Анарбеков Автандил;
  • 2017 – 2018 – окуу жылы – Мэлисбеков Бексултан;
  • 2018 – 2019 – окуу жылы – Асанакунов Санжар;
  • 2019 – 2020 – окуу жылы – Эрнист уулу Эсентур.

Класстан тышкаркы иштер боюнча:

  • «Жаш талант-2018» облустук   кароо-сынагы «Сезим»  бий   тобу  “Кыз  кербез”  бийи  менен  Баш  байге (  Гран при).  2018ж.
  • Республикалык “KG тай” таланттуу балдар арасындагы теле сынагында Мырзабекова Бегайым —  1 орун.  2018ж.
  • Н.Жүндүбаеванын 100 жылдыгына  арналган  көркөм  окуу  райондук кароо – сынагында  Айбек кызы  Актилек  — Баш  байге . 2018ж.
  • «Жоокер ыры» облустук кароо сынагында көркөм окуу боюнча  Айбек кызы Актилек – 2 орун
  • “Мен кыргызстандык экениме сыймыктанам”  облустук  кароо-сынагында бий жанры боюнча 10-класстын окуучусу Рахатбек кызы Аделя 1орун
  • “Мен кыргызстандык экениме сыймыктанам” облустук кароо-сынагында бий  жанры боюнча 6-класстын окуучусу Адилет уулу  Алишер 2 орун
  • “Мен Кыргызстандык экениме сыймыктанам”  республиклык  кароо-сынагында бий жанры боюнча 1-класстын  окуучусу  Мырзабеков Атай  2  орун
  • Облустук театр фестивалы — «Мурас» драм кружогу —  “Жети тилек”  аттуу  сахналаштыруусу  менен  II орун
  • «Биз XXI кылымдын интеллектуалдарыбыз» аттуу облустук кароо сынакта I орун

Мугалимдердин өз билимин көтөрүү жана тажрыйба топтоо максатында 2014-2015-окуу жылында англис тили мугалими Солталиева Бааркүл Ош шаарында чет тилчилер мугалимдеринин NATEC программасы менен жана Душанбе шаарларында CATEC конференциясына  катышкан. 2017-2018 окуу жылдарды SUSI программасы менен Америка Кошмо Штатына 1 май, жана ошондой  ITEC программасы менен Индияга 2 айлык окуу стажировкага барып келген.
2014-2015-окуу жылында англис тили мугалими Мөндүрбаева Айнура Калыковна Америка Кошмо Штатына ТЕА программасы менен 3 айлык стажировкага барып окуп келген жана азыркы учурда ITEC программасы менен Индияда окуп келди.

2015–2016 – окуу жылында  Республикалык  бюджеттен  мектептин А жана Б окуу корпустары 11 млн 255 миӊ сомго капиталдык ремонттон өткөн.

Мектептин материалдык техникалык базасын чыңдоо максатында:
1997,1998,1999-жылы мектепти бүтүргөн 20-жылдык бүтүрүүчүлөрдүн демөөрчүлүктөрү менен мектепке 10 камера жана мектептин кире беришиндеги эшик жана тепкичтер, навес 300 000 (үч жүз миң) сомго бүткөрүлгөн.  Мектептин айлана тегерегин көрктөндүрүү максатында  26 түп ёлка ата-энелер жана демөөрчүлөр тарабынан 26 миң сомго тигилди.

2017-2019–окуу жылдарында Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы АБР каржылоосу менен инновациялык мектеп боюнча  химия, биология, физика, география кабинеттерине капиталдык ремонт иштери  жүргүзүлдү жана мектептин  сыртына жаӊы туалет курулду. 2019-окуу жылында химия, биология, физика, география, математика  кабинеттерине  115 парта, 196 стул, 16 мугалимдин партасы менен жана 16 компьютер, 1интерактивдүү доска, 5  проектор, экран жана кошумча доскалар менен  жабдылды. Ошондой эле аталган сабактарга тиешелүү көрсөтмө куралдар, лабораториялык приборлор менен камсыз болду.  Жалпы мектепке  4 млн 82 миң 250 (4 082 250) сом тартылган.

Долбоорлор:

  1. 2015-2016–окуу жылы 1-4-класстарда «Бирге окуйбуз» жана «Келгиле окуйлу» USAID эл аралык програмасын ишке ашырылууда.
  2. 2008-2009 – окуу жылынан баштап инклюзивдик билим берүү долбоору менен  пилоттук  мектеп.
  3. 2010-2011–окуу жылында мектеп Республикалык  олимпиадада  үзгүлтүксүз  көрсөткөн  ийгиликтери  үчүн 10 мыкты  мектептин  катарына  кирип,  Билим берүү министрлигинин атайын  «Сертификаты»  жана  компьютер  менен сыйланган.
  4. 2014-2015–окуу жылы «100 инновациялык мектеп» долбоорунун  жеӊүүчүсү, жана ошондой эле 100 мектептин ичинен 30 мектепти тандоодо  30 инновациялык  мектептин  катарына  кирген.
  5. 2014-2015–окуу  жылы  ПРООНдун  азык-түлүк  программасына  кирип 1млн. сомго мектептин ашканасы бардык керектүү жабдыктар менен жабдылган жана 1-4–класстар боюнча жалпы 694 окуучуга ысык тамак берилүүдө. Ар бир балага мамлекет тарабынан 10 сом бөлүнсө, ал эми ата – энелер тарабынан 5 сомдон кошумча каражат берилет.
  6. Инновациялык мектеп катары мугалимдердин кесиптик өнүгүүсү, интерактивдүү доскаларды колдонуу, окутуунун жаӊы ыкмаларын жайылтуу максатында торчо (класстердик) мектептерге (Калыгул Бай уулу, Капар Кыдыралиев, Б.Исакеев, Турсун Темирова, Турдакун Усубалиев атындагы орто мектеп) жайылтуу максатында план түзүлүп иштер аткарылып  жатат.
  7. 2018-жылдын июль айында Борбордук Азия Университети уюштурган USAID каржылаган “Демилгелүү жаштар” проектиси боюнча информатика мугалимдери Турсуналиев Тынчтыкбек, Осмонова Кундуз 12 күндүк окуу семинарга катышып, экзаменден ийгиликтүү өтүшүп ICDL Эл аралык компьютер күбөлүгүн алып келишти. Мындан тышкары биздин мектеп ICDL Эл аралык компьютер күбөлүгүн окуучуларга дагы окутканга жана сертификат бергенге мүмкүнчүлүк алды. 2019-жылдын 6-майында тесттик борбору ачылып, 3 ноутбук интернет менен камсыздалды.
  8. Кыргызстанда табигый кырсыктардын коркунучуна  туруктуулукту жогорулатуу (ERIK) долбоору алкагында Мектеп инфраструктурасынын иштөөсүн жана коопсуздугун  жакшыртуу боюнча 2020-2023-жылдар аралыгында мектеп кайрадан толугу менен капиталдык оңдоп түзөдөн өткөрүлөт.