2022-2023-окуу жылы

               2022-2025 окуу жылынын усулдук бирикменин иш планы.

 

Усулдук бирикменин темасы: Социалдык-эмоционалдык окутууну жана 21-кылымдын жөндөмдөрүн калыптандырууда тажрыйбанын негизинде үйрөнүү. 

 

Максаты:

  1. Мугалимдердин кесиптик өнүгүүсүн жана мектеп окуучуларын окутуп, тарбиялоодо 21-кылымдын жөндөмдөрүн жана социалдык-эмоционалдык  окуунун компитенттерин калыптандырууда тажрыйбанын жана санариптик пегагогиканын негизинде ишке ашыруу.

 

Усулдук бирикменин маселелери:

  

  • Мектеп окуучуларын окутуп тарбиялоодо гендердик тең укуктуулукту сактоо менен адилетүү билим берүүнү окуучулардын коопсуздугун сактоо менен билим берүүсүн калыптандырышат.
  • Окуучуларды окутуп тарбия берүүдө мугалимдер сабактарында  21-кылымдын жөндөмдөрүнө жана социалдык-эмоционалдык окуу компитенттерине таянуу менен иш аракеттерди онлайн жана офлайн форматта пландаштырып билим берүүнү калыптандырышат.
  • 2025-окуу жылындагы PISA тест программасына окуучуларды даярдоо ирээтинде чейректик тесттик иштерине тапшырмаларды киризип, окуучуларды машыктырышат.
  • Мугалимдердин профессионалдык билим деңгээлин жана технологиялык жөндөмдөрүн өнүктрүүдө онлайн жана офлайн форматта окутуунун методору боюнча теорияны алып жана практиканын негизинде  коопсуздук чөйрө түзүү менен окуучуларга билим беришет.
  • Секция ичинде менторлук топто иштөө менен профессионалдык кесиптик өнүгүүсүн калыптандырышат.
  • Үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүүнүн негизинде мугалимдер тажрыйбаларына мониторинг жүргүзүшөт.

 

Усулдук бирикменин иш аракеттери:

 

  • Ар бир айдын 1-жуимасында коюлган методикалык темалардын негизинде кичи семинарларды өтүү.
  • Өтүлгөн методикалык темалар үстүндө ар бир айдын 2-3 жумасында ментордук топ менен тажрыйбанын негизинде үйрөнүү методу менен иш алып барышат.
  •  Тажрыйбанын негизинде уйрөнгөн иш аракеттерин ар бир айдын 4-жумасында мугалимдер өздөрүнүн сабак пландарына, класстарына өтүлгөн сабактарына жана окуучуларына анализ берип, мониторинг жүргүзүшөт.
  • Мектепте декада учурунда өтүлүүчү коомдук иштерди секция ичиндеги кесиптештери жана предметтик мугалимдер менен командада иштөөнү калыптандырышат.
  • Билим деңгээлин жана кесиптик өнүгүүсүн калыптандырууда гугл дисктеги Билим Куржунунан маалымат алышат жана бири-биринин билимдерин толукташат.