Мектеп гимни

Нинакан Жүндүбаева атындагы мектеп-гимназиясынын гимни

Сөзү, обону Тилекматова Багым

Окшошосун сен мөмөлүү даракка,
Ар жыл сайын кенен жайган бутагын.
Кереметтүү билимкана мектебим,
Өнөр-билим талантка бай кучагын.

Кайырма:
Алтын уям гимназиям,
Кадырын билем туям.
Бийиксин Ала-Тоодой,
Ар убак таазим кылам.

Ысмын алган Нинакан эжекемдин,
Билим ордо, акыл ордо мектебим.
Талбай билим-тарбияны алалы,
Көктө жанган топ жылдыздай жаналы.

Кайырма:
Алтын уям гимназиям,
Кадырын билем туям.
Бийиксин Ала-Тоодой,
Ар убак таазим кылам.

Канат күүлөп, сугарылып билимге,
Алыс кетсем ар убакта эстээрим.
Талант ордо, тарбия кен керемет,
Таалай үйү татынакай мектебим.

Кайырма:
Алтын уям гимназиям,
Кадырын билем туям.
Бийиксин Ала-Тоодой,
Ар убак таазим кылам.

Мектебимдин билим кенин казалы,
Ийне менен терең кудук казгандай,
Умтулалы жетишели максатка,
Тарбиянын терен сырын ачкандай.

Кайырма:
Алтын уям гимназиям,
Кадырын билем туям.
Бийиксин Ала-Тоодой,
Ар убак таазим кылам.

Сугарылып дайрасына билимдин,
Кубанабыз, шаттанабыз күлөбүз.
Тарбия ордо татынакай мектебим,
Сени менен сыймыктанып жүрөбүз.

Кайырма:
Алтын уям гимназиям,
Кадырын билем туям.
Бийиксин Ала-Тоодой,
Ар убак таазим кылам.