Ийгилик жараткан сыймыктуу окуучулар

  1. Мектебибизде окуучулардын жараткан ийгиликтери арбын. Мыкты устаттардын билим берүүсүнүн натыйжасында  көптөгөн ийгиликтерге жетишип келишет. 9″Г»классынын окуучусу  Канатбек кызы Кайыркүл  Бишкек шаарында болуп өткөн «Аракет»олимпиадасынын республикалык    II турунда  математика сабагы боюнча  V орунду камсыз кылып келди. Мугалими:  Тилекматова Багым

Ушул эле тур боюнча англис тили сабагынан Мырзабекова Бегайым жана Эсенбекова Айжан IV жана V орундарга жетишишти. Мугалими:  Мөндүрбаева Айнура. Аталган окуучулар атайын сертификаттар менен сыйланышты.

Бул окуучулардын окууларына ийгилик каалоо менен дагы мыкты жетишкендиктерге жетишерине тилектешпиз.