Райондук ички иштер бөлүмүнүн өкүлдөрү мектебибиздин ата-энелерине чогулуш өткөрүштү.
Бул чогулушта социалдык тармактарда жайылып жаткан мугалим менен окуучулардын ортосунда болгон жагымсыз окуялардын видеолору тууралуу түшүндүрмө беришти.
“Айрым окуучулар мугалимди сыйлашпайт. Сабакка көңүл коюшпайт. Тапшырма аткарышпайт. Бирөөнө жардам берүүнүн ордуна телефонду алып чыгып шылдыңдап видео тартып, социалдык тармактарга чыгарышат. Бул албетте, терс көрүнүш”,-дейт тескөөчү.
Ошондой эле, К.Кыдыралиев атындагы мектебинде окуп жатышкан эки мектептин окуучуларында жаралып жаткан көйгөйлөрдүн кесепеттерин алдын алуу жана коопсуздук чаралары жөнүндө айтып беришти.
Мындан сырткары, РИИБдин өкүлдөрү ата-энелерден балдардан түнкүсүн уюлдук телефондорун алып коюуну өтүнүштү:
“Балдар түнү менен уюлдук телефонду көрүп уйкудан калып, сабак учурунда уйкусурап отурушкандарына кубө болуп жатабыз. Көпчүлүк ата-эне балдар интернетте эмне көрүп жаткандарын билбейт. Бир баланын телефонун караганга жетишип калдык, көргөн видеолору биздин оюубузда жок жаман видеолор. Мындан сырткары, киберкоопсуздук сакталбайт. Айрым ата-энелер өзүлөрү да шылуундардын курмандыгы болушууда. Ошондуктан, балдарга уюлдук телефонду туура колдонууну үйрөтүп, түнкүсүн бербеңиздер”,- дешти кызматкерлер.
Комментарии