“Кызга кырк үйдөн тыюу” аталышында 10-11-класстардын кыздарына тегерек стол өттүлдү.
10-11-класстардын кыздарына “Кызга кырк үйдөн тыюу” аталышында тегерек стол өттү. Иш-чараны мектебибиздин социалдык педагогу жана Кыздар кеңешинин төрайымы Бейшенакун кызы Гүлбарчын, Тарбия иштери боюнча директордун орун басары Касымалиева Айнура өткөрүштү.
Алгач тегерек стол катышуучуларга кыздарга тиешелүү макал-лакаптарды чечмелөө менен башталып, алардын жүрүм-туруму, адеби жөнүндө маек болду. Ошондой эле, эрте никеге туруунун терс таасирлери жөнүндө айтылып, видеороликтер көрсөтүлдү.
Мындан сырткары уюштуруучулар кыздарды тазалыкка, гигиенаны сактоого, тыкандыкка жана каада-салтты эстен чыгарбоого чакырышты.
Комментарии