Мектебибиздин башталгыч класстарынын бардык мугалимдерине «Алтын казык» ноутбуктары берилди.
Бүгүн, 4-февралда мектебибиздин башталгыч класстарынын бардык мугалимдерине ноутбуктар берилди. Ноутбуктарга 12 жылдык билим берүүгө өтүү жана мектепке чейинки мекемелерди көбөйтүүнү камтыган мамлекеттик “Алтын казык” программасынын алкагында 29 мугалим ээ болушту.
Буга чейин STEAM сабактарынын мугалимдерине берилген. Кийинки этапта тарых жана кыргыз тили сабактарынын мугалимдери “Алтын казык” брендинин ноутбуктары менен камсыздалышары белгилүү болду.
Комментарии