Новости

Бул чогулушта социалдык тармактарда жайылып жаткан мугалим менен окуучулардын ортосунда болгон жагымсыз окуялардын видеолору тууралуу түшүндүрмө беришти. “Айрым окуучулар мугалимди сыйлашпайт. Сабакка көңүл коюшпайт. Тапшырма аткарышпайт. Бирөөнө жардам берүүнүн ордуна телефонду алып чыгып шылдыңдап видео тартып, социалдык тармактарга чыгарышат. Бул албетте, терс көрүнүш”,-дейт тескөөчү. Ошондой эле, К.Кыдыралиев атындагы мектебинде окуп жатышкан эки мектептин окуучуларында жаралып […]
06.05.2026 1
Бүгүн, 4-февралда мектебибиздин башталгыч класстарынын бардык мугалимдерине ноутбуктар берилди. Ноутбуктарга 12 жылдык билим берүүгө өтүү жана мектепке чейинки мекемелерди көбөйтүүнү камтыган мамлекеттик “Алтын казык” программасынын алкагында 29 мугалим ээ болушту. Буга чейин STEAM сабактарынын мугалимдерине берилген. Кийинки этапта тарых жана кыргыз тили сабактарынын мугалимдери “Алтын казык” брендинин ноутбуктары менен камсыздалышары белгилүү болду.
06.05.2026 3
10-11-класстардын кыздарына “Кызга кырк үйдөн тыюу” аталышында тегерек стол өттү. Иш-чараны мектебибиздин социалдык педагогу жана Кыздар кеңешинин төрайымы Бейшенакун кызы Гүлбарчын, Тарбия иштери боюнча директордун орун басары Касымалиева Айнура өткөрүштү. Алгач тегерек стол катышуучуларга кыздарга тиешелүү макал-лакаптарды чечмелөө менен башталып, алардын жүрүм-туруму, адеби жөнүндө маек болду. Ошондой эле, эрте никеге туруунун терс таасирлери жөнүндө айтылып, […]
06.05.2026 2
4-«Г» классынын окуучусу Иманалиева Арууке «Кыргыз почтасы» ачык акционердик коому тарабынан уюштурулган «Аяз атага кат» сынагында райондон 1-орун, республикадан жеңүүчү деп табылды. Иманалиева Арууке ыраазычылык кат, таттуу белек жана баалуу саат менен сыйланды. Кызыбыздын жеңишинде класс жетекчиси Асель Аскарбековна жана ата-энесинин салымы чоң.
31.03.2026 35
Бүгүн, 8-апрелде облустук олимпиаданын жеңүүчүлөрүн, алардын мугалимдерин жана ата-энелерин сыйлоо аземи мектебибизде өттү. Окуучулар жана мугалимдер акчалай сыйлык менен сыйланышса, ата-энелерге ыраазычылык кат тапшырылды. Сыйлыктарга «Кочкор» коомдук кайрымдуулук фондунун жетекчиси Сапаров Каныбек Сайырбекович жана «Лекарь» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору Эсенбеков Жолдош демөөрчүлүк кылышкан. 1- жана 2-орундарды ээлеген окуучуларга жана мугалимдерине 5 миң сомдон, 3-орунду […]
08.04.2025 363
10-класстар арасында «Кара-Коо периси-2025» сынагы өттү. Кароо-сынактын шарттары төмөнкүдөй болду: Таанышуу — катышуучү өзү жөнүндө айтып тааныштырат (эркин формада , өзгөчөлүгү эске алынат); “Кыргыз элинин белгилүү айымдары” же Улуу Жеңиштин 80-жылдыгына арналган темада көркөм окуу же сахналаштыруу ; Кесмеге камыр жайып көрсөтүү; Хобби — хоббиси жөнүндө маалымат берет. Сынактын жыйынтыгында 10- «Д» класстын окуучусу Бексултанова […]
08.04.2025 219
Мектебибизде “Кара-Коо периси -2025” сынагы 6-класстардын арасында өткөрлдү. Кароо – сынактын максаттары чыгармачыл окуучулардын өсүп-өнүгүшүнө шарт түзүү, интеллекталдуу, сергек жашоо мүнөзүн жүргүзгөн, социалдык жигердүү инсандын калыптанышына өбөлгө болуу, окуучулардын көркөм –чыгармачыл дараметинин деңгээлин аныктоо, сынакка даярдануу менен үй-бүлөлүк байланышты бекемдөө. Сынакка катышкандар: 6-«А» классынын окуучусу Бактыбекова Саида; 6-«Б» классынын окуучусу Казакбекова Сезим; 6-«В» классынын окуучусу […]
08.04.2025 203
Бүгүн, 21-мартта районубуздун борбордук сейли багында Нооруз майрамына көргөзмө, майрамдык концерт, спорттук оюндар өткөрүлүүдө. Биздин мектептин окуучуларынын, мугалимдеринин колдорунан жаралган жасалгалар да көргөзмөгө коюлду. Ал эми мектеп директору Асанова Дамира Орозобековна ата-энелерди, мектеп жамаатын, окуучуларды куттуктайт: «Нооруз майрамыңыздар менен! Жаңы күн, жаңы жыл жакшылыктарды, береке-бүтүмдүүлүктү алып келсин! Ар бир үйгө тынчтык, бакыт жана молчулук орносун. […]
08.04.2025 164
Районубуздун волейбол боюнча кыздардын командасы республикалык оюнга жолдомо алды. Белгилей кетсек, буга чейин кыздар Нарын шаарындагы турнирден алдыңкы орунду ээлеп, Караколго жодомо алышкан. Командадагы 4 окуучубузду дайындаган Мурат Токоев төмөнкүлөргө токтолду: «Ар бир облустан экиден команда барды. Ошондой эле, Бишкек, Ош, Токмок шаарларынан да келишти. Нарын шаары, Нарын району, Жумгал, Ат-Башы райондорунан бир команда, Кочкордон […]
08.04.2025 144
2025-жылдын облустук олимпиадасынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Информатика сабагы: Бектурганов Үмөт 10-«В» класс. Орун Суранчиев Дастан 10-«В» класс орун Мугалими: Тезекчиева Эльмира. Англис тили предмети (профиль) Бактыбеков Даниял -орун, 9-«Б» класс Мугалими: Султаналиева Гулбарчын. Биология предмети Замирбеков Данияр — орун, 10-«В» класс Мугалимдери: Рахимова Лира, Абдыбекова Гулина. Кыргыз тили предмети (орус класстар боюнча) Сатаркулова Элеонора -орун, 11-«Б»класс. […]
08.04.2025 144
1 / 3612345...102030...»