Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнө арналган иш-чарага окуучуларыбыз катышышты.
Бүгүн 23-апрелде 9-“А» класстын окуучулары менен биргеликте мектебибиздин китепканачысы Асель Кыдыргычева райондук И.Исаков атындагы китепканада Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнө арналган иш-чарага катышышты.
“Окуучулар китеп жөнүндө чыгармаларды көркөм окушту. Андан сырткары улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун «Жамиля» , » Ак кеме» чыгармаларынан монолог айтышты”,- дейт Асель эжейибиз.
Ошондой эле,и ш-чарага келген акын-жазууучулар менен чыгармалары жана ырлары тууралуу суроо-жооптор болгону белгилүү болду.
Комментарии