Жаз жарыш.
“Мектеп – биздин жашыл үйүбүз” республикалык сырттан өтүүчү экологиялык сынактын жана “Бир жаран – бир көчөт” демилгесин орто мектептерде ишке ашыруу максатында,
быйылкы жазда мектеп айланасын жашылдандыруу абдан күжүрмөн жүрүп жатат. «Келечек» деп аталган паркыбызга мөмө дарактарынан 160 түпкө жакын отургузулду. Бул көчөттөр өз ыктыяры менен демөөрчүлүк кылган ата-энелердин эсебинен алынды.
Ал эми спорт залдын тушуна 13 туя отургузулду. Буга «Бай түшүм» банкы 4500 өлчөмүндө акча каражатын бөлүп демөөрчүлүк кылышты.
Ошол эле учурда мектептин жашылдандырылышына кайдыгер карабаган ата — энелерден Суранчиев Рысбек өз короосундагы өсүп турган 3,5 метрлик балатыны мектепке өстүрүүгө берди.
Жашылдандыруу, айлананы жандандыруу. Келечек муундарга түзүлгөн шарт. Экологиянын тазаланышына кошулган салым.
Ар бир демөөрчүлүк кылып, мектептин айланасынын көрктөндүрүүдөгү салым кошкон эне аталарга терең ыраазычылык. «Артында из калсын десең бак тик» дегендей ар бир жаран табийгатты сактоо үчүн бак тигиши керек экендигин эсинен чыгарбаса.
Комментарии