Жайкы лагерь ишке кирди
Бүгүн, 20-августта Нинакан Жүндүбаева атындагы мектеп-гимназиясында жайкы лагерь иштеп баштады. Жайкы лагерь Кыргыз Республикасынын вице-премьер министринин 2019-жылынын 29-апрелиндеги балдардын жана өспүрүмдөрдүн жайкы эс алуусуна даярдык көрүү жана уюштуруу тапшырмасына ылайык, КРнын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн буйругу менен ишке кирди. Окуу тарбия иштери боюнча директордун орун басары Латипа Жутабаеванын айтымында, лагерде окууга мектептин ар бир окуучусу мүмкүнчүлүк алган.
“Жайкы лагерди өткөрүү боюнча иш планы түзүлгөн. Ага 6 тренер жетекчилик кылат.USAID’дин “Келгиле окуйбуз” долбоорунун алкагында өтүп жатат. Окуу үч бөлүктөн турат. Биринчи бөлүгүндө китеп окууга түздөн-түз тиешелүү оюн-көнүгүүлөр аткарылат. Экинчисинде, китеп окуу элементтерин камтыган кыймылдуу оюндар ойнотулат. Үчүнчү бөлүгүндө окуу көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган чыгармачыл оюн-көнүгүүлөрдү аткарышат. Мындан сырткары, окуган жомокторун сахналаштырышат, квесттерге катышышат, сүрөт тартышат, денени өстүрүүчү көнүгүүлөрдү, кагаздардан түрдүү гүлдөрдү жасашат”, — дейт Латипа Жутабаева.
Тогуз күнгө созулган лагердин негизги максаты, башталгыч класстардын окуу көндүмдөрүн жакшыртуу, кошумча китеп окууга кызыктыруу. Жайкы лагердин алгачкы күнүндө катышуучулар “Мезгил капсуласы” темасын өтүп, каалоо-тилек жазганды үйрөнүшкөнүн айтышууда.
“Лагерь мага жакты. Көңүлдүү экен. Бүгүн капсулага каалоо-тилектеримди жаздым”, — дейт 4-класстын окуучусу Анвар Шаршеев.
Ал эми 3-класстын окуучусу Изат Асанканов лагерде окуу кызыктуу экенин, дагы да окууну улантарын айтты.
Мээрим Бейшенбекова жана Жылдыз Аманбаева жаңы курбуларды тапкандарына кубанышканын жашырышкан жок.
“Былтыр бул маалда окууга үйдөн эле китеп окуп даярданчумун. Быйыл башка балдар менен бирге даярданып жатам”, — дейт лагердин дагы бир катышуучусу Жамиля Сатарова.
Комментарии