Жаңы жылыбыз жеңиш менен башталды.
Илимдүү адам ар бир жерде өзүн ийгиликтүү көрсөтө алат. Мектебибиздин быйылкы жылкы бүтүрүүчүсү 11-в класстын окуучусу Канатбекова Кайыркүл 2022-жылдын 5-январында математика сабагы боюнча республикалык денгээлде Бишкек шаарында өткөрүлгөн Кыргыз-Швед олимпиадасында 2-орунду камсыздап келип баардыгыбызды кубандырды.
Эске сала кетсек Кайыркүл 9-классында Бишкек шаарында болуп өткөн «Аракет»олимпиадасынын республикалык II турунда математика сабагы боюнча V орунду камсыз кылган.
Дал ушундай билимдүү окуучуга билимин берип жаткан устаты Тилекматова Багым эжекебиз . Кайыркүлгө алдыда боло турган олимпиадада дагы ийгилик каалайбыз. Бул дагы чек болбосун!
#СыймыктууокуучуКайыркүл
Комментарии