Тынчтык бар жерде, ырыс бар.
Мындан туптуура 76 жыл мурун СССРдин армиясы, фашисттик Германияны жеңип 9-май жеңиш күнү деп белгиленип ушул күнгө чейин майрам катары белгилеп келебиз.
Быйылкы жылы 3-класстардын окуучулары асфальтка сүрөт тартуу кылып, класс класстары менен биргеликте жеңишке тиешелүү ар кыл сүрөттөрдү тартышты.
Балдардын чыгармачылыктары абдан бийик экендиги байкалды.
Класс жетекчилердин көзөмөлүндө, түстүү борлорду пайдалануу менен, эң мыкты сүрөттөрдү жаратышты жана ар бир тартылган сүрөт боюнча түшүндүрүп, ой жүгүртүүлорун айтып беришти.
Биринчи орунду 3 — б жана 3-г класс багындырды. Класс жетекчилери Чынасылова Асель, Аскарбековна, Шамбетова Эльмира Рыскуловна. Экинчи орунду 3-е жана 3-а класстардын окуучулары алышты. Класс жетекчилери Акбарова Акмарал жана Самудинова Гүлнара. Үчүнчү орунга 3-в класстын окуучулары (класс жетекчиси Омурбекова Айгул) татыктуу болушту. 4-орун 3-д класстын окуучуларына (класс жетекчиси Аралбаева Дамира) буюрду.
Комментарии