Күчтүү жаштар- күчтүү өлкө.
Бүгүнкү күндө ар бир мамлекеттин өнүгүүсү анын жаштарына түздөн-түз байланыштуу. Күчтүү, билимдүү, демилгелүү жаштар – өлкөнүн келечегинин негизи. Ушул максатта Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги, жамааттык ЖМКлар жана UNICEF уюму “Күчтүү жаштар- күчтүү өлкө” аталышында Нарын шаарында 3 күндүк окуу уюштурушкан. Ага мектебибиздин 8- жана 10-класстарынын активдүү окуучулары катышып, мектептин социалдык педагогу Убалиева Гүлжамал коштоп алып барды. Окуунун жүрүшүндө катышуучулардын потенциалын, билим деңгээлин жогорулатууга жана лидерлик сапаттарын өнүктүрүүгө чоң мүмкүнчүлүк берилди.
Комментарии