Инновациялык билим берүү багытындагы семинар.
Мектебибиз инновациялык макамына ээ болгондон бери 5 кластердик мектеп менен иштешүүдө. Алар:
1. Т.Темирова;
2. Т.Усубалиев;
3. К.Кыдыралиев;
4. Калыгул Бай уулу;
5. С.Исмаилов;
Мугалимдерибиз аталган ар бир мектептен келген 3төн өкүлгө семинар өтүштү. Күн тартибинде 2026-2027-окуу жылы үчүн артыкчылыктуу жалпы милдеттерин аныктоо, билим берүү тармагынын командасын түзүү жана иш-планын иштеп чыгуу маселелери каралды.
Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар SWOT-талдоо жүргүзүшүп, артыкчылыктуу жалпы милдеттер белгиленди.
2-маселе боюнча ар бир мектептен өкүл тандалып усулдук кеңеш түзүлдү.
Ошондой эле, Көп тилдүүлүк билим берүү координатору Айзада Байбосунова “Инновациялык мектеп деген эмне?”, окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басарлары Күрөңкеева Жаңыл жана Кармышова Асель “Үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүү” жана “Тармактык өз ара байланыш” семинарларын өтүштү.
Комментарии