Футбол боюнча 23- турнир уюштурулду.
Нинакан Жүндүбаева атындагы мектеп- гимназиясын аяктаган бүтүрүүчүлөрдун футбол боюнча командаларынын башын бириктирип 91-жылы туулган бүтүрүүчү окуучуларыбыз 23- турнирди уюштурушту.
Бул оюнга мектептин агайлар командасы дагы алгачкы жолу катышышты.
Оюн жогорку деңгээлде өтүп, жыйынтыгында
1990-жылы туулган бүтүрүүчүлөр 1-орунду.
Агайлар командасы 2-орунду.
1984-жылы туулган бүтүрүүчүлөр 3-орунду багындырышты.
Ошол эле учурда оюн талаасында мыкты оюн көрсөткөндүгү үчүн:
Мамбеталиев Талант — мыкты чабуулчу, Токоев Мурат Арстанбекович — мыкты дарбазачы,
Мыкты коргоочу — Мамбетов Адис,
Мыкты чабуулчу — Орозбеков Чынгыз
деген наамдарга татып медалдар менен сыйланып кайтышты.
Ал эми жалпы агайлар командасына кубок жана медалдар тапшырылды.
Кийинки турнирди уюштуруу эстафетасы 1983-жылы туулган бүтүрүүчүлөрүбүзгө узатылды.
Спорт ден соолуктун булагы болуп саналса, ынтымактуулук дагы ишти алдыга жылдыра турган сапаттардан.
Алдындагы оюндар дагы ушундай кызуу маанайда өтүшүнө ишенебиз.
☑️Биздин баракчаларга катталдынызбы? Анда ❤️ ? калтырып, команданын ишине дем кошуңуз.
?Макала менен бөлүшүп сизден башка дагы бүтүрүүчүлөрүбүзгө маалымат жеткириңиз.
? Ар бир жазылып жаткан жагымдуу жаңылык сиздер үчүн. ……
Комментарии