Балдар адабияты күнүнө карата адабий жолугушуу.
Азыркы учурда балдардын адабий китепке болгон кызыгуусу кескин солгундап бара жатат. Ошол көйгөйгө көңүл кош карабастан, окуучулардын адабий чыгармага болгон кызыгууларын көтөрүү максатында мектебибиздин башталгыч класстарынын мугалими Иманалиева Сыргажан Абдулатовна 1-а, 2-а жана дагы 3-а класстын окуучулары менен биргеликте Каныбек Жунушов атындагы балдар китепканасына барып «2-апрель балдар адабиятынын күнүнө» карата даярдаган ырларынан көркөм окуп, чыгармалардан аткарып кайтышты.
Бул адабий кечеде кадырлуу конок болуп кыргыз эл акыны, балдар адабиятынын өкүлдөрүнүн бири Каныбек Жунушов келди.
Акындын калеминен жаралган чыгармаларды окуучулар жогорку деңгээлдеги чеберчилик менен аткарып беришти. Жолугушуунун алкагында окуучулар Каныбек Жунушовго суроолорду узатып, жоопторду ала алышты.
Окуучулар менен мындай иш чараларды даярдоого эмне түрткү бергендиги тууралуу Сыргажан эже менен маектешкенде: » Бул менин хобби катары кабыл алам. Балдардын аткарып жаткандарын көргөндө кубанам. Кээ бир балдардын аткаруучулук таланттары ачылат. Кичинекей балдар чыгармаларды аткаруу менен дагы абдан жакшы түшүнүп алышат. Ошол эле учурда адабиятка болгон кызыгуусу да артылат. Бул биринчи жолку эле эмес. Буга чейин чет элдин адабиятынан дагы алып, аткарып келгенбиз.»- дейт.
Балдардын талантын ачып, кызыгуусун ойготкон аракетчил мугалимдерибиздин иштерине ийгилик каалайбыз.
Биздин баракчаларыбызга жазылууну унутпаңыздар.
Комментарии