Бүгүн, 14-февралда 6 — «Б» классына класс жетекчиси Байбосунова Айзада калп айтуунун жана уурулуктун кесепеттери тууралуу ачык тарбия саат өттү.
Анда окуучулар 3 топко бөлүнүштү:
- Аналитиктер;
- Адвокаттар;
- Прокурорлор.
Сабактын башталышында мугалим окуучуларга төмөнкү суроолорду берди:
- Силер жок дегенде 1 жолу алдандыңар беле?
- Алданганыңарды билгенде кандай сезимдер болду?
- Эмнеге алдоо жаман адатка кирет?
Окуучулар жоопторун берип жатышты. Андан соң топторго ар кандай суроолор берилди. Өз кезегинде окуучулар топтордун аталыштарына ылайык көз карашта суроолорго жооп беришти.
Сабактын акырында окуучулар калп айтуу, уурулук жакшы сапаттарга кирбестигин айтып, кесепети оор болушу мүмкүн экенин баса белгилешти.
Комментарии