2020-жылдын 29-декабрь Нинакан Жүндүбаева атындагы мектеп-гимназиябызда Жаңы жылдык корпоратив өткөрүлдү. Корпоративде 2020-жыл ичинде ийгилик жараткан мугалимдерибизди жана мектеп ичинде мугалимдер арасында өткөрүлгөн кароо сынактын жыйынтыгы чыгарылды.
Облустук, республикалык олимпиадада, FLEX программасында, Манас таануу таймашында ийгилик жараткан мугалимдер «Жылдын мыкты мугалим устаты» номинациясында
1. Касымалиева Айнура
2. Буржубаева Гулмира
3. Жумалиева Гүлжан
4. Мөндүрбаева Айнура
5. Сөлпуева Акак
Мугалимдер арасында өткөрүлгөн «Жыл мугалими» кароо сынагында жана аралыктан окутууда видео сабактарды жасап ийгилик жараткан мугалимдер
«Жылдын мыкты санарип мугалими» номинациясында:
1. Нурланбекова Жанара
2. Исмаилова Салтанат
3. Мамытбекова Саткын
«Жылдын мыкты класс жетекчиси» номинациясында:
1. Жумабаева Айчүрөк
2. Абдырахманова Гүлбарахан
Мектептин материалдык техникалык базасынын чыңдалышына өзгөчө салым кошкондугу үчүн
«Жылдын мыкты демөөрчүсү» номинациясында
1. Алиев Руслан
2. Тезекбаев Кубанычбек
агайларыбыз сувенир жана грамоталар менен сыйланышты.
Ал эми мектеп ичинде өткөрүлгөн «Жыл мугалими» кароо сынагынын жыйынтыгы боюнча:
Касымалиева Жылдыз 1-орун 5 миң сом
Жасоолова Айгул 2-орун 3 миң сом
Калчаева Нуриза 3-орун 2 миң сом
Активдүү катышкандыгы үчүн 1 миң сомдон:
Куренкеева Жаңыл
Байтолеева Салтанат
Тезекчиева Элмира
Усенова Нурзат
эжейлерибиз сыйланышты.
Республикалык деңгээлде ийгилик жараткан эжейлерибиз Касымалиева Айнура Айталиевна, Мөндүрбаева Айнура Калыковна, Исмаилова Салтанат Абдиевналарга Ысык-Көлго эс алууга 5 күндүк жолдомолор берилди.
Комментарии