Баарына маалым болгондой, Кочкор өрөөнүнүн кышы карсыз. Быйыл кыштын биринчи кары бүгүн, 16-февралда гана жаады. Буга чейин кургак жана суук күндөр өтүп жаткан. Биринчи кар балдарга кубаныч тартуулап, алардын маанайы көтөрүңкү. Бүгүн мектеп окуучулары адатынча, бири-бирин карга жыгып, кар мыкчымасы менен чабышып ойношту. Албетте, окуучуларды агай-эжейлер көзөмөлдөп турушту.
Комментарии