«Жоокер ыры» республикалык сынагында окуучу кызыбыз 3-орунду ээледи
15-мартта Нарын шаарында облустук деңгээлде окуучулар арасында аскер-атуулдук ырларын аткаруу боюнча «Жоокер ыры» республикалык кароо сынагы өттү.
Эскерте кетсек, райондуктан 2 окуучубуз облустук сынакка жолдомо алышкан. Бири 8- «А» классынын окуучусу Жолдошбекова Тунук «Көркөм окуу» номинациясында, экинчиси «Атуулдук ырлар» номинациясында 8-«Г» классынын окуучусу Шүкүрбекова Карима.
Облустук сынактын жыйынтыгында Жолдошбекова Тунук 3-орунду ээледи. Ал эми аны даярдаган Класстан тышкаркы иштердин уюштуруучусу Касымалиева Айнура Ыраазычылык баракчасы менен сыйланды.
Комментарии