Туура максат кое билүү — адамды алдыга жетелейт
Мектебибизде 9 — класстарга «Кесип тандоо» боюнча семинар болуп өттү. Семинарды орус тили жана адабияты мугалими Бараканова Майрам Жамангуловна алып барды.
Бул тууралуу Миргүл Качкыновна мындайча билдирди:» Бул семинарда окуучуларга кесипти туура тандоо абдан маанилүү экендиги тууралуу маалымат берилди. Анткени өздөрү тандаган кесиби менен жашоодон ырахат алып мыкты инсан болоору талашсыз. Адам алдыга туура максат коё билгенде гана мыкты жетишкендиктерге жетишээри тууралуу айтылды. Балдарга мотивация берүү үчүн биздин мектептин бүтүрүүчүлөрүнүн мыкты иштери боюнча видео — тасмалар көрсөтүлдү. Муну менен катар окуучулар өздөрүнүн алдыда жасай турган жакшы ой — тилектери менен бөлүшүп кетишти.
Солталиева Бааркүл Сабырбековна Майрам Жамангуловна боюнча оюн төмөндөгүчө билдирди:
«Майрам Жамангуловнанын » Кесип тандоо» боюнча семинары окуучулар үчүн өтө жагымдуу жана кызыктуу болду. Өзүнүн жөнөкөй сөздөрү менен барын жеткиликтүү түшүндүрдү. Бул пайдалуу семинар үчүн ыраазычылык билдиребиз.»
Комментарии