Технология секциясынын декадасы көргөзмө, концерт менен аяктады
9-марттан 18-мартка чейин Технология секциясынын декадасы өттү. Секциянын курамына музыка, сүрөт, эмгек жана информатика предметтери кирет. Декада 5-класстардын Нооруз майрамына карата жана эркин темада компьютердеги графикалык редактордун жардамы менен тартылган сүрөттөр көргөзмөсү менен ачылды. Мындан тышкары, мектептин залдары жасалгаланды. 6-класстар арасында «Белгини издөө» квест-оюну өттү. 7-класстар арасында «Ким бешке окугусу келет?» оюну өтүлдү. 8-класстар 3D графигинин жардамы менен дубал газеталарын чыгарышса, 9-класстар арасында «Компьютер жана смартфон — жакшыбы же жаманбы?» аталышында дебат өттү.
Комментарии