Республикалык олимпиадага жолдомо алгандар сыйланышты
Бүгүн, 15-мартта Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы аким Камчыев Кубанычбек мектеп окуучуларынын Республикалык олимпиадасына жолдомо алган окуучуларга жана алардын мугалимдерине ыраазычылык билдирди.
Эскерте кетсек, мектебибизден Республикалык олимпиадага 4 окуучу жолдомо алышкан. Алар:
1) Математика сабагынан Канатбекова Кайыркүл. Мугалими Тилекматова Багым.
2) Англис тили сабагынан Эсенбекова Айжан. Мугалими Солталиева Бааркүл.
3) Орус тили сабагынан Батырбеков Акылбек. Мугалими Касымалиева Жылдыз.
4) Информатика сабагынан Алмазова Айсулуу. Даярдаган мугалими Турсуналиев Тынчтыкбек.
«Учурда олимпиадага даярдык көрүп жатабыз. Окуучулардан үмүтүбүз чоң. Буюрса 1-орунду алабыз деп ишенип турабыз»,- дейт Тилекматова Багым.
Мындан сырткары, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана Илим министрлиги, » Сапат» эл аралык билим берүү мекемеси тарабынан уюштурулган жаш математиктердин АКМО олимпиадасынын облустук баскычынын жеңүүчүсү Каналбеков Эрбол жана мугалими Туршаева Гүлнара сыйланышты.
Аким окуучуларга жана мугалимдерге ийгилик каалады.
Комментарии