Районубуздун волейбол боюнча кыздардын командасы республикалык оюнга жолдомо алды
Районубуздун волейбол боюнча кыздардын командасы республикалык оюнга жолдомо алды.
Белгилей кетсек, буга чейин кыздар Нарын шаарындагы турнирден алдыңкы орунду ээлеп, Караколго жодомо алышкан. Командадагы 4 окуучубузду дайындаган Мурат Токоев төмөнкүлөргө токтолду:
«Ар бир облустан экиден команда барды. Ошондой эле, Бишкек, Ош, Токмок шаарларынан да келишти. Нарын шаары, Нарын району, Жумгал, Ат-Башы райондорунан бир команда, Кочкордон 1 команда бардык. Анын ичинде биздин мектептен 4 кыз, Эпкинден 3 кыз, Кум-Дөбөдөн 1 кыз. Жыйынтыгында май айында боло турчу оюндарда биздин райондун командасы Нарын облусунун намысын коргомой болду».
Комментарии