Райондук олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө грамоталар тапшырылды.
Райондук олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө грамоталар тапшырылды.
2021-жылдын 2-мартында райондук олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө, райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчилиги жана Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчилиги тарабынан грамоталар тапшырылды.
Сыйлык тапшыруу аземине Кочкорго Райондук Мамлекеттик администрациясынын башчысы аким Абыкеев Темирболот Асаналиевич жана Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Бактыгулов Турсунбек Аманбекович катышып, жакшы каалоо тилектерин айтуу менен бирге, райондун бардык мектептеринен предметтик олимпиадада 1-2-3-орунду камсыздаган окуучуларга мугалимдери менен биргеликте грамоталар тапшырылды. Алдыдагы облустук олимпиадада жеңишти камсыздап келээрине тилектеш экендигин кошумчалашты.
Биздин мектеп гимназиядан
Математика, кыргыз тили, орус тили, англис тили, физика, информатика сабактарынан алдыңкы орундар камсыздаган окуучулар мугалимдери менен катышышты.
Бул тууралуу кенирээк маалыматты мындан мурунку макалабыздан ала аласыздар.
Жеңишке жеткен бардык окуучуларыбызга облустук олимпиадада жеңишти камсыздап келээрине ишенебиз жана ийгилик каалайбыз.
☑️Биздин баракчабызга катталууну унутпаңыздар.
? Сиздердин калтырган комментарийлер ✍️ биздин ишибизге дем берет.
? сиздерден ❤️? КҮТӨБҮЗ.?❤️
Комментарии