Окуучубуз джиу-джитсу боюнча республикалык турнирде 3-орунду алды
9-«Е» классынын окуучусу Айдарбеков Элдарбек Бишкек шаарында өткөн джиу-джитсу боюнча республикалык мелдеште 3-орунду ээледи. Бул тууралуу анын класс жетекчиси Назгүл Өмүралиева кабарлады. Ал 69 килограмм салмакта, 2006-2007-жылкы балдардын U17 категориясында катышкан.
Элдарбектин айтымында, мелдеш тууралуу ага 10 күн гана калганда билип, даярданууга жетишкен эмес:
«Мелдешке күтүүсүз эле катышып калдым. Чогуу машыккан байке айтып, өзү менен ээрчиткен. Ал жактан менин каршылаштарым Кыргызстандын джиу-джитсу боюнча командасынын мүчөлөрү болду. Машыгууга жетишпей калганымдан, 3-орунду алып калдым. Алдыда дагы 1-орундарды багындырам деп ишенем».
Айдарбеков Элдарга ийгилик каалайбыз, келечекте көптөгөн чокуларды багындырган спортчу болоруна ишенебиз.
Комментарии