Окуу жылы кубанычтуу куттуктоо менен башталды.
Быйылкы 2023-2024- окуу жылы абдан кубанычтуу куттуктоо менен башталып турат. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги мектеп гимназиябыздын жалпы жамаатына, балдарды тарбиялоодогу жетишкендиктер жана жараткан ийгиликтери үчүн ыраазычылык билдирген, ыраазычылык кат тапшырылды. Сыйлык тапшыруу аземи райондук администрациянын жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиевдин облустук жана райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчилеринин катышуусунда болуп өттү.
Жетишкен ийгилиги менен жалпы мектеп жамаатын чын жүрөгүбүздөн куттуктайбыз.
Алдыдагы окуу жылында дагы мыкты жетишкендиктер болооруна ишенебиз.
Комментарии