Нооруз майрамы кол өнөрчүлөрүбүздүн жеңиши менен коштолду
Бүгүн, 21-март — Нооруз майрамында Кочкор районунун сейил багында майрамдык иш чара өтүп, ал мекемелердин көргөзмөлөрү менен коштолду. Көргөзмөгө тамак-аштар, улуттук суусундуктар, өнөрчүлөрдүн эмгектери коюлду.
Жыйынтыгында мектебибиз Кочкор райондук администрациясынын башчысы — акими Эрмекбай Омошев тарабынан улуттук кол өнөрчүлүк номинациясында I орунду камсыз кылгандыгы үчүн диплом менен сыйланды.
«Көргөзмөгө даярдык көрүп, I орунду камсыздаган мугалимдерге, көмөктөшкөн эжей-агайларга терең ыраазычылык билдиребиз! Майрамыңыздар менен! Ар дайым жеңиш үстүндө жүрүшүңөргө тилектешпиз. Өлкөбүздө тынчтык, бейкутчулук, ынтымак, токчулук болсун»,- дешти мектеп администрациясынын мүчөлөрү.
Комментарии