Мектеп жамааты «Өлбөс полк» жөө жүрүшүнө катышты
Бүгүн, 9-май — Жеңиш күнүндө өлкөнүн шаарларында жана район борборлорунда парад өтүп, «Өлбөс полк» жүрүшү болду.
Кочкор районунда да аталган жүрүш уюштурулган. Ага мектебибиздин кызматкерлери катышышты.
Расмий маалыматтар боюнча, 2022-жылы 100дөй ардагер болсо, учурда республикабызда Экинчи дүйнөлүк согуштун 64 ардагери калган.
1941-1945-жылдары бул согушка кыргыз жергесинен 360 миңдей адам катышса, алардын 90 миңден ашыгы фронтто курман болгон.
Комментарии