Мектебибиз кезектеги видео-сынакта жеңишке жетишти
Бүгүн, 10-мартта райондук деңгээлде «Зордук зомбулукка каршыбыз» видео-сынагы өттү. Сынак Кочкор районунун мамлекеттик администрациясы, райондук прокуратура, райондук Билим берүү бөлүмү тарабынан кылмыштуулукту алдын алуу максатында уюштурулган.
Жыйынтыгында мектеп «Кылмыштуулукту алдын алуу» видеосу менен 1-орунду ээледи.
Белгилей кетсек, сценарийин Класстан тышкары иштердин уюштуруучусу Айнура Касымалиева түзүп, жетектеп тарттырган Жаңыл Күреңкеева.
Видеого тартылып, жакшы деңгээлде роль жараткан мугалимдерге жана салымын кошкондорго, окуучуларга ыраазычылык билдиребиз!
Комментарии