Окуучуларыбыз «Милициянын жаш жардамчысы» сынагында 3-орунду камсыздашты
Бүгүн, 3-мартта райондук деңгээлде «Милициянын жаш жардамчысы» кароо сынагы өттү. Ага 10 команда чакырылса, 8и катышып, 4 тапшырма боюнча даярданышкан:
- Саптык даярдык;
- Ата мекенге арналган ыр;
- «Милициянын жаш жардамчысы» бурчун жактоо;
- Отряддын эмбемасы тууралуу түшүндүрмө жана жактоо.
Акыркы эки тапшырма отряд командирлери тарабынан аткарылды. Биздин мектептин ОГОН (Отряд гимназии особого назначения) командасы кароо сынакта 3-орун алып, грамота менен сыйланды.
Ошондой эле, отряд командири Дамирбекова Амина тапшырмаларды мыкты аткаргандыгы үчүн өзүнчө грамота, баскетболдук топ жана торт менен сыйланды.
Ал эми команданы даярдаган аскерге чакырууга чейинки даярдык сабагынын мугалими Мамбеталиев Талант дагы грамота менен сыйланды.
«Бул иш чаранын максаты — жашы жете электер арасында кылмыштуулукту, ар кандай укук бузуулардын алдын алуу. Окуучулардын патриоттук сезимин ойготуу, мотивация берүү»,— дейт Талант Чалагызович.
Комментарии