Кыргыз тил күнү салтанаттуу белгиленди.
Жыл сайын 23- сентябрь күнү кыргыз тили күнүн белгилеп келебиз. Быйылкы жылы да мектеп- гимназиябыздын кыргыз тили секциясы, тил майрамына даярдалган чакан концерттик кечесин тартуулашты. Таланттуу балдардын аткаруулары менен даярдалганын концерттик иш чара абдан мыкты деңгээлде болуп өттү. Иш чарага катышкан гимназиябыздын тарбия иштери боюнча директорунун орун басарлары Касымалиева Айнура Айталиевна жана Мамбеталиев Талант Чалагызович сөз сүйлөшүп, кыргыз тилинин улуулугун жана ар бир атуул билиши керек экендигин баса белгилеп өтүштү.
Комментарии