Китеп билим булагы
Китеп билим булагы, деп бекеринен айтылбаган чыгаар. Себеби көп окуган адам, көп бийиктикти багындырат эмеспи. Быйылкы 2021-2022-окуу жылынын башталышы менен эле 8-в класстын окуучусу Майрамбекова Алтынай, Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Улуттук китепканасы тарабынан 23-сентябрь кыргыз тил күнүнө карата уюштурган «Окумал үй бүлө» марафонуна катышып 1-орунду жеңип алды. Бул марафондо Алтынай Чыңгыз Айтматовдун «Алгачкы эмгек» чыгармасын ата-энесинин катышуусунда көркөм окуган. Жыйынтыгында көптөгөн кызыктуу китептер, «Манас» эпосунун диски жана 1-даражадагы диплом менен сыйланды. Эске сала кетсек Алтынай буга чейин дагы көптөгөн китеп окуу конкурстарына катышып алдыңкы орунду багындырып келген.
10:11
Поделиться
Комментарии