Интеллектуалдык конкурс өттү
5-февралдан тарта англис жана немец тилдеринин секциясында декада башталган. Ошол себептүү 11-февраль күнү Байтолоева Салтанат 5-класстар арасында интелектуалдык оюн өткөрдү. Оюнда балдарга өтүлгөн программа боюнча даярдалган суроолор жана балдардын сүйүп көргөн мультфильмдеринен музакылар угузулуп тапкычтыктарын текшеришти. Окуучулар оюнга кызыгуу менен катышышып, чоң аракет жумшашты. Оюндун суроолору деңгээлине жараша баллдар менен бааланды. Эң жеңил суроо 100 балл менен бааланса эң оор суроолорго 500 балл берилип жатты. Уюштуруучу абдан жакшы аракет жумшап уюштургандыгы көрүнүп турду.
Катышуучулар кызыгуу менен катышышып жатышкандыгы көрүнүп турду.
Жыйынтыгында: 1-орунду 5-а класс жеңип алды.
? Биздин баракчабызга катталууну унутпаңыздар
? Баса ❤️? дагы күтөбүз.
?сиздердин калтырган комментарийлер ✍️ бизидин ишибизге дем берет
Комментарии