Эки мугалимибиз «Кочкор районунун ардактуу атуулу» наамын алышты
Мектебибиздин орус тили сабагынын мугалими Жылдыз Касымалиева жана математика сабагынын мугалими Жанара Асанова «Кочкор районунун ардактуу атуулу» наамын алышты. Бул наам кечээ, 21-март — Нооруз майрамында тапшырылды.
Мугалимдерге берилип жаткан сыйлыктар — алардын эмгегинин баркталганы. Албетте, мындай жөрөлгө мугалим кесибинин ээлерине дагы да ийгиликтерди жаратууга өбөлгө түзөт.
«Наамды алганыма сүйүнүп жатам. Атымды чыгарып жаткан окуучуларыма ыраазычылык билдирем. Аларга берген билим, эмгек кайтып жатканына кубанычтамын. Балдарга канчалык мээнет жумшасаң, ошончосу кайтарына, талыкпаган эмгек акыры бааланарына ишендим. Мен үчүн бул сыйлык чоң мотивация берди. Мындан ары да аракеттенип, окуучуларыма жакшы билим, татыктуу тарбия бергенге аракет кылам»,- деди Жылдыз Касымалиева.
Ал эми Жанара Асанова төмөнкүлөргө токтолду:
«Наам менен сыйланганым мен үчүн күтүүсүз болду. Аябай толкунданып жатам. Ар бир сыйлыктын артында чоң эмгек жатат. Эмгегимдин бааланганына ыраазымын, коллективге да рахмат айтам. Мугалимдин эмгеги ар дайым бааланып, коомдогу орду мындан да жогорулашына тилектешмин».
Комментарии