Нинакан Жүндүбаева атындагы инновациялык мектеп-гимназиясы Кочкор району
  • Меню
  • Мектеп
    • Мектеп жөнүндө маалымат
    • Кызматкерлер
    • Нинакан Жүндүбаеванын өмүр баяны
    • Мектеп директорлору
    • Ардагер мугалимдер
    • Медалисттер
    • Сыймыктанабыз
    • Окуу-тарбиялык иштер
    • Социалдык-психологиялык кызмат
    • Маалыматтык — китепкана кызматы
  • Жаңылыктар
  • Усулдук кызматы
    • 2020-2021-окуу жылы
    • 2021-2022-окуу жылы
    • 2022-2023-окуу жылы
  • Жетишкендиктер
    • Олимпиада
    • Flex программасы
    • ЖРТ/ОРТ
    • Алтын тамга
    • Кароо сынактар
    • Спорт
    • Жыл мугалими, кароо-сынактар
  • Окуучуларга
    • Мектептин окуучуларынын кеңеши
    • Сабактардын жүгүртмѳсү
    • Ийримдер жана секциялар
    • Мектеп гимни
    • Пайдалуу маалыматтар
  • Ата-энелерге
    • Ата-энелер үчүн маалымат
    • Ички тартиби
    • Мектепке кабыл алуу жөнүндө
    • Мектептин формасы
    • Демөөрчүлөр
  • Камкордук көрүүчү кеңеш
    • Көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө ЖОБО
    • Көзөмөлчүлүк кеңешинин курамы
  • Галерея
  • Аккредитация
  • Байланышуу
  • Мектеп
    • Мектеп жөнүндө маалымат
    • Кызматкерлер
    • Нинакан Жүндүбаеванын өмүр баяны
    • Мектеп директорлору
    • Ардагер мугалимдер
    • Медалисттер
    • Сыймыктанабыз
    • Окуу-тарбиялык иштер
    • Социалдык-психологиялык кызмат
    • Маалыматтык — китепкана кызматы
  • Жаңылыктар
  • Усулдук кызматы
    • 2020-2021-окуу жылы
    • 2021-2022-окуу жылы
    • 2022-2023-окуу жылы
  • Жетишкендиктер
    • Олимпиада
    • Flex программасы
    • ЖРТ/ОРТ
    • Алтын тамга
    • Кароо сынактар
    • Спорт
    • Жыл мугалими, кароо-сынактар
  • Окуучуларга
    • Мектептин окуучуларынын кеңеши
    • Сабактардын жүгүртмѳсү
    • Ийримдер жана секциялар
    • Мектеп гимни
    • Пайдалуу маалыматтар
  • Ата-энелерге
    • Ата-энелер үчүн маалымат
    • Ички тартиби
    • Мектепке кабыл алуу жөнүндө
    • Мектептин формасы
    • Демөөрчүлөр
  • Камкордук көрүүчү кеңеш
    • Көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө ЖОБО
    • Көзөмөлчүлүк кеңешинин курамы
  • Галерея
  • Аккредитация
  • Байланышуу
  • Главная
  • Новости

Эки мугалимибиз «Кочкор районунун ардактуу атуулу» наамын алышты

Мектебибиздин орус тили сабагынын мугалими Жылдыз Касымалиева жана математика сабагынын мугалими Жанара Асанова «Кочкор районунун ардактуу атуулу» наамын алышты. Бул наам кечээ, 21-март — Нооруз майрамында тапшырылды.

Мугалимдерге берилип жаткан сыйлыктар — алардын эмгегинин баркталганы. Албетте, мындай жөрөлгө мугалим кесибинин ээлерине дагы да ийгиликтерди жаратууга өбөлгө түзөт.

«Наамды алганыма сүйүнүп жатам. Атымды чыгарып жаткан окуучуларыма ыраазычылык билдирем. Аларга берген билим, эмгек кайтып жатканына кубанычтамын. Балдарга канчалык мээнет жумшасаң, ошончосу кайтарына, талыкпаган эмгек акыры бааланарына ишендим. Мен үчүн бул сыйлык чоң мотивация берди. Мындан ары да аракеттенип, окуучуларыма жакшы билим, татыктуу тарбия бергенге аракет кылам»,- деди Жылдыз Касымалиева.

Ал эми Жанара Асанова төмөнкүлөргө токтолду:

«Наам менен сыйланганым мен үчүн күтүүсүз болду. Аябай толкунданып жатам. Ар бир сыйлыктын артында чоң эмгек жатат. Эмгегимдин бааланганына ыраазымын, коллективге да рахмат айтам. Мугалимдин эмгеги ар дайым бааланып, коомдогу орду мындан да жогорулашына тилектешмин».

Поделиться

Комментарии

Комментариев не найдено.
Новый комментарий
Читайте также
Облустук олимпиаданын жеңүүчүлөрүн, алардын мугалимдерин жана ата-энелерин сыйлоо аземи өттү
08.04.2025 0 53
10-класстар арасында "Кара-Коо периси-2025" сынагы өттү
08.04.2025 0 36
Мектебибизде “Кара-Коо периси -2025” сынагы 6-класстардын арасында өткөрлдү
08.04.2025 0 39
Нооруз майрамына көргөзмө, майрамдык концерт, спорттук оюндар өткөрүлдү
08.04.2025 0 30
Районубуздун волейбол боюнча кыздардын командасы республикалык оюнга жолдомо алды
08.04.2025 0 23
    • Админ-панель
    • Образование за рубежом

    +996 (3535) 60176

    Сапар Алиев №27, Кочкорка 722800

    © 2025 – Нинакан Жүндүбаева атындагы инновациялык мектеп-гимназиясы Сайт разработан и поддерживается EDUGATE • Публичная оферта