«Билим күнү» майрамы белгиленди
Бүгүн, 2-сентябрда Кочкор районундагы Н.Жүндүбаева атындагы мектеп-гимназиясында «Билим күнү» майрамы белгиленип, 200дөн ашуун 1-класстын окуучуларына эшигин ачты.
Мектеп директору Тынчтыкбек Турсуналиев окуучуларды жана мугалимдерди бүгүнкү майрамы менен куттуктап, каалоо-тилектерин айтып, мектептин ийгиликтери менен бөлүштү.
«Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылында мектеп интернетке кошулуп, информатика сабагы боюнча тест-борбору, мугалимдер үчүн мультимедиялык кабинет ачылды. Ошондой эле, электрондук журнал жана электрондук күндөлүк долбоорун киргизип жатабыз. Долбоордун алкагында ар бир окуучунун алган баасы ата-энесине онлайн түрдө жеткиликтүү болот»,— деди Тынчтык Турсуналиев.
Салтанаттуу линейканын катышуучуларын мектептин мурунку бүтүрүүчүлөрү да куттукташты. Майрамдык иш-чара концерттик программа менен коштолуп, алгачкы коңгуроонун кагылышы жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимнинин жаңырышы менен аяктады.
Окуучулар үчүн жаңы окуу жылдын алгачкы тарбиялык сааты өлкөнү санариптештирүү жана мамлекеттик, партиялык саясий ишмер, Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин 1-секретары Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына карата айкалыштырып биринчи тарбиялык сабак өтүлдү.
Комментарии