АКМО олимпиадасынын республикалык туруна 2 окуучубуз катышат
18-мартта Нарын шаарында АКМО олимпиадасынын облустук туруна бардыгы 113 окуучу катышты. Биздин мектептен 12 окуучу барып, математика боюнча 2өө республикалык турга жолдомо алышты. Алар 6- «Б» классынын окуучусу Аманова Азиза, мугалими Нурзат Усенова жана 6-«Е» классынын окуучусу Болотова Арина, мугалими Үмүт Усубалиева.
«Башкаларга салыштырмалуу бардык окуучуларыбыз жогорку упайларды алышты. Окуучуларга да, мугалимдерине да грамоталар тапшырылды»,— дейт Үмүт Усубалиева.
Окуучуларыбызга окуусуна жана келе жаткан олимпиадада ийгилик каалайбыз!
Комментарии