Ынтымак жакшы — ырк жакшы
«Ынтымак жакшы — ырк жакшы, ынтымактуу журт жакшы” деп кеменгер бабабыз айтылуу залкар акын Токтогул Сатылганов айтып кеткен ыр саптар ар бирибиздин аң – сезимибизге орногондо гана көп көйгөйдүн эсеби табылып түйүнү чечилер. Коомдо ынтымак болмоюнча бийиктикке жете албаспыс. Мына ушул ураандын алкагында мектебибиздин 9 – класстарынын арасындагы ынтымак тууралуу айтып кетмекчибиз. 5 – класстан 9 – класска чейин “Булак” командасы деген аталыш менен “Мен таза болсом, сен таза болсоң – коом таза болот” деген ураандын алкагында иш алып барып, буга чейин жасап кеткен иштер боюнча ата – энелер менен бирдикте жалпы отчёт беришти.
«9-класстардын ата-энелери менен болгон жыйналыш өттү. Презентациялары эң сонун болууда, себеби максаты бир класстардын өзгөчөлүгүн көрсөтүү эмес, бирдикте кандай иштер жүргүзүлдү, жыйынтыгы кандай болду. Ар бир класстан окуучула бир группада болуп презентация жасашкан»,— деди Класстан тышкаркы иштердин уюштуруучусу Касымалиева Айнура Айталиевна.
Комментарии