9-, 10-класстар арасында «Кара-Коо периси» аныкталды
9- жана 10-класстар арасында Кыргыз Республикасынын президентинин «Улуттук нарк — улуттун жүзү» жарлыгына ылайык, жыл сайын аялзатынын майрамы — 8-мартка карата уюштурулуп келген «Кара-Коо периси — 2023» кароо-сынагы өттү. Ага 10 окуучу кыз катышып, өз өнөрлөрүн тартуулашты. Кароо-сынак жалпысынан буга чейики сынактардай эле төрт этаптан турду:
- Таанышуу;
- Кыргыз элинин белгилүү айымдары тууралуу сахналаштырылган сценка;
- Улуттук кийимди даңазалоо;
- Хобби.
Кароо-сынактын максаты — чыгармачыл окуучулардын өсүп-өнүгүшүнө шарт түзүү, интеллектуалдуу сергек жашоо мүнөзүн жүргүзгөн, социалдык жигердүү инсандын калыптанышына өбөлгө болуу. Ошондой эле, окуучулардын чыгармачыл дараметин аныктоо жана үй-бөлөлүк байланышты бекемдөө.
Жыйынтыгында, 9-«В» классынын окуучусу Керимбаева Аделина биринчиликти алды. Экинчи орунду 10-«В классынын окуучусу Эмилбекова Адина алса, үчүнчүнү 9-«Д» классынын окуучусу Муратбекова Наима алды. Калган катышуучулардын алган номинациялары төмөнкү жадыбалда көрсөтүлдү:
# | Катышуучунун аты-жөнү | Классы | Номинациясы |
1 | Анаркулова Алима | 9 «Г» | Сахна ажары |
2 | Токтосун кызы Медина | 9 «Б» | Таланттуу кыз |
3 | Жумабекова Жанара | 10 «Г» | Мекенчил кыз |
4 | Майрамбекова Толгонай | 10 «Б» | Келечек инсаны |
5 | Шикенова Зарина | 10 «А» | Жароокер кыз |
6 | Болотканова Фарида | 9 «А» | Жылдыздуу кыз |
7 | Маркабаева Бекзада | 9 «Е» | Токтоо кыз |
Калыстар тобуна мектеп директору Тынчтыкбек Турсуналиев, окуу тарбия иштери боюнча директордун орун басары Кундуз Осмонова, актер жана куудул Кубан Алимов, мектептин экс-президенти Муратбеков Марлен мүчөлүк кылышты. Сынакка Кубан Алимов менен Муратбеков Марлен демөөрчүлүк кылып, катышуучуларга өз белектерин тартуулашты.
Керимбаева Аделина Муратбеков Марленден Алма-Ата шаарына 2 күндүк путевка алды. Ал эми калган катышуучулар да куру кол кетишкен жок.
Комментарии