2022- 2023- окуу жылындагы ийгилик жараткан окуучулар
Билим — бул билүүнүн, башкача айтканда, акылдуулук, түшүнүк жана акыл аркылуу чындыкты түшүнүү үчүн баалуу маалыматка ээ болуунун аракети жана натыйжасы. Демек, 2022- 2023- окуу жылындагы окуудагы жетишкендиктери жана коомдук ишке активдүү катышып, ошону менен катар спорт тармагын өнүктүрүүгө салым кошкон окуучулар окуу жылынын аягындагы салтанаттуу линейкада сыйланышты. Албетте бул ийгилик жараткан окуучулардын аркасында мыкты устаттары бар экендиги талашсыз. Андыктан окуучуларга терең сыймыктануу менен класс жетекчилердин катышуусунда грамота жана дипломдор, кубоктор, медалдар тапшырылды. Окуучуларга кааларыбыз мындан да мыкты ийгиликтерге жетишип, келечекте мыкты инсандардан болооруңарга тилектешбиз!
Комментарии