Көңүл буруңуздар!
Урматтуу келечектеги даярдоо жана биринчи класстардын ата-энелери (мыйзамдуу ѳкүлдѳрү)!
2022-жылдын 15-сентябрына карата мектепте 1-классына 180 окуучу гана кабыл алынат. Анын ичинен 30 окуучу кыргыз тилинде (1 класс) жана 150 окуучу орус тилинде (5 класс) ачылат.
Эскертүү: ар бир класста окуучунун саны 30 дан ашпайт.
Катталуу:
- Нинакан Жүндүбаева атындагы мектеп — гимназиясында 2022-жылдын 11-апрелинен тартып 27-июнга чейин мектеп-гимназиясына бекитилген аймактарда жашаган 6-7 жаштагы балдарды 1-класска кабыл алуу Билим берүү жана илим министрлигинин https://mektep.edu.gov.kg/ сайтында электрондук формада катталуу башталды.
Эскертүү: Эгерде ачылган класста бош орун бар болсо мектеп-гимназияга бекитилбеген аймакта жашаган балдар үчүн 1-класска кабыл алуу 2022-жылдын 27-июндан тартып Билим берүү жана илим министрлигинин https://mektep.edu.gov.kg/ сайтында электрондук формада жүргүзүлөт.
Электрондук формада каттоого керектелүүчү документтер:
- Ата-энесинин паспорту
- Баланын туулгандыгы тууралу күбөлүгү
- Электрондук почта
- Ата-эненин жана баланын жеке идентификациялык номери
Даярдоо жана 1-класстарга кабыл алуу үчүн керектүү документтердин тизмеси:
- Баланын туулгандыгы тууралуу күбѳлүктүн оригиналы жана кѳчүрмѳсү;
- Баланын жашаган жеринде катталгандыгы жѳнүндѳ маалым кат;
- Ата-эненин (мыйзамдуу ѳкүлдѳрүнүн) паспортунун оригиналы жана кѳчүрмѳсү;
- Мектепке кабыл алуу жѳнүндѳ ата-эненин (мыйзамдуу ѳкүлдѳрүнүн) арызы;
- Баланын медициналык картасы —№ 026 формасы;
- Баланын эмдѳѳ картасы —№ 063 формасы;
- 3х4 ѳлчѳмүндѳгү баланын сүрѳтү – 2 даана;
- Окуучунун ѳздүк делосу.
Эскертүү:
- Мектептин уставынын 8.2. пунктунун негизинде: мектеп-гимназиянын 1–класска кабыл алуу гимназияга бекитилген аймакта жашаган 6–7 жаштагы балдардын бардыгы арыздарынын жана аныкталган үлгүдөгү медициналык маалымкаттарынын негиздеринде сыноосуз, акчалай жана башка төлөмдөрсүз жүргүзүлөт.
11.04.2022-ж