Нинакан Жүндүбаева атындагы мектеп — гимназиясына өз каалоосу менен демөөрчүлүк кылган адамдар жөнүндө маалымат
Нинакан Жүндүбаева атындагы мектеп — гимназиясына өз каалоосу менен демөөрчүлүк кылган адамдар жөнүндө маалымат
Башталгыч классынын мугалими Аралбаева Дамира 10 миң сом, жана Ден соолук усулдук бирикмесинин мугалимдери Сатаралиев Жакшылык, Токоев Муратбек, Адылбек уулу Урмат, Асанбек уулу Акылбек, Мамбеталиев Талант жана Алымбек уулу Эсентур 1000 сомдон демөөрчүлүк кылышты.
Жалпысынан 16 миң сомго баскетбол үчүн 3, волейбол үчүн 5 топ алынды. Демөөрчүлөргө ыраазычылык билдиребиз!
19.10.2022
—————————————————————————————————————————————————————————————————————————————————-
1- «А» классынын окуучусу Базаркулов Максаттын чоң атасы Асаналиев Базаркул жана чоң апасы Каниметова Зарылбүбү мектепке телевизор белекке беришти. Эми бул класстын окуучуларына заманбап технологиянын жардамы менен сабактар өтүлөт.
Демөөрчүлөргө ыраазычылык билдиребиз!
10.10.2022
—————————————————————————————————————————————————————————————————————————————————-
Актовый залдын жасалгаланышына Кубан Дуйшекеевич биринчилерден болуп өзүнүн алгачкы салымын кошту. Агай ушуну менен чектелбей дагы салым кошорун айтты. Алган колго караганда, берген кол жакшы деген сөз бар эмеспи.. Кубан агайга жана анын үй-бүлөсүнө терең ыраазычылык билдиребиз.
09.03.2020
—————————————————————————————————————————————————————————————————————————————————-
Бүгүн 09.03.2020-жылы Электрондук күндөлүктүн автору, Edugate компаниясынын директору Балтабаев Сагындык «Сезим бий» тобунун формасын тиктиргенге өз чөнтөгүнөн 500$ (35000 сом) демөөрчүлүк кылды.
09.03.2020
Бүгүн, 15-ноябрда мектепке 1-«а» классынын окуучусу Жусупбеков Сыргактын ата-энеси тарабынан дагы бир сыналгы белекке берилди.
«Уулубуз коңгуроо кагып бизди сүйүнттү. Агай-эжейлерге ыраазычылык. Кичинекей болсо дагы белегибизди алып келип отурабыз, кабыл алып коюңуздар. Ушу мектептен төбөсү көккө көрүнгөн окуучулар чыга беришсин. Ишиңерге ийгилик, ден соолук каалайбыз»,— дейт демөөрчү Самарбекова Элизат.
15.11.2019
—————————————————————————————————————————————————————————————————————————————————-
Бүгүн, 13-ноябрда 1-«г» классы акылдуу сыналгыга ээ болду. Сыналгыны аталган класста билим алган Бактыбеков Нурэлдин атасы Кожоналиев Бактыбек жана апасы Шабданбек кызы Бермет демөөрчүлөр катары беришти.
«Бала үчүн баарына даярбыз. Баламдын эң биринчи аттаган босогосу ушу мектеп болду. Замандын талабына ылайык, азыр класстардын баары интернет жана башка жабдуулар менен камсыз болуп жатат. Ошого ылайыктап, балдарыбыздын билимине салым кошсок экен деген ой-максат менен демөөрчү болдук»,— дейт Шабданбек кызы Бермет.
«Кабинетибиздеги эски сыналгы керектен чыгып калгандыгына байланыштуу жаңы сыналгыга муктаж болдук. Ата-энелер азыркы замандын талабына жооп берген интернети бар заманбап сыналгыны эстелик катары беришти. Ал ноутбуктун кошулушуна ылайыкталган»,- дейт 1-«г» классынын класс жетекчиси Калмамбетова Фатима.
13.11.2019
—————————————————————————————————————————————————————————————————————————————————-
Мектептин 2-“г” жана 3-“в” класстарында билим алган окуучулардын ата-энелери мектепке жаңы сыналгы беришти. 2-“г” класстын класс жетекчиси Чынасылова Аселдин айтымында, балдарга сыналгынын жардамы менен сабак өтүүнүн натыйжалуулугу жогору.
“Буга чейин кабинетибиздеги эски сыналгынын жардамы менен окуучуларга слайд жана презентацияларды көргөзүп келчүбүз. Ал эми кээ бир көрсөтмө куралдарды барактарга бастырып чыгарып, илип көрсөтчүбүз. Азыр бул сыналгы аркылуу сабакты жаңы метод менен өтүп, балдардын кызыгуусун арттырып жатабыз. Окуучулардын түшүнүүсүнө жакшы шарт түзүлүп, бизге – мугалимдерге да жеңилдиктер жаралды”,– дейт Чынасылова Асель.
Сыналгы берүү демилгесин ата-энелер көтөрүп чыгышкан.
“Класстагы сыналгы эскиргендиктен, башка класстын окуучуларына заманбап сыналгы менен сабак өтүлгөнүн көрүп, биз дагы балдарыбыздын жеткиликтүү билимге ээ болушун кааладык”,– дейт ата-энелердин бири Балтабаева Айжан.
Ата-энелерге ARTEL сыналгысынын баасы 25 миң сомго турган.
30.10.2019
Мектептин информатика сабагынын кабинетинин төрт терезесине 14 миң сомго жалюзилер илинди. Жалюзилер мугалимдер — Райымбабаева Бегимай жана Абдраимова Үмүт тарабынан каржыланды.
11.10.2019
Мектептин 1-кабатындагы фойеге спорт жаатында алынган сыйлыктар коюлуучу текчелер жайгаштырылды. Текчелер жалпысынан 32 миң сомго демөөрчүлөр тарабынан жасалды. Демөөрчүлөр:
5.10.2019
10-октябрдан тарта мектеп музейин жаңы электроконвектор жылыта баштады. Бул тууралуу башталгыч класстын мугалимдери Майрамбек кызы Перизат жана Мааткалымова Элиза билдиришти. Маалыматка ылайык, жылыткычты сатып алууда мугалимдердин жана 1-“е” классынын окуучусу Бактияров Азиреттин апасы Керимбаева Наргизанын салымы чоң.
“Бул жерде кошумча эки класстын окуучулары да билим алышат. Күн сууктагандан бери кабинет муздап, окуучулардын билим алуусуна тоскоолдук жаратты. Башталгыч класстын мугалимдери жана Окуу тарбия иштери боюнча директордун орун басары Жутабаева Латипа бул көйгөйдү чечүү жолдорун издеп, өзүбуз демөөрчү болуп электроконвектор сатып алууну чечтик. Окуучубуздун апасы Керимбаева Наргиза да бул иштен четте калбай, демөөрчүлөрдүн катарын толуктады”, – дешти мугалимдер.
Электроконвектордун баасы 18800 сом болсо, анын 5 миң сомун Керимбаева Наргиза, 4 миң сомун Жутабаева Латипа, 9 миң 800 сомун 13 мугалим чыгарышкан. Жылыткыч кечээ, 10-октябрда орнотулуп, окуучулар үчүн жагымдуу шарт түзүлдү.
“Уулум окуган кабинетке мугалимдер өз каражаттарына жылыткыч сатып алып жатышыптыр. Мен да аларга кошулуп, аз да болсо жардам бергим келди. Мамлекет шарт түзүп бериши керек деп эле талап кое бербей, колубуздан келген жардамыбызды берип койгонубуз туура деп эсептейм, себеби, балдарыбыз мектепте көп убакыт өткөрүшөт, алар үчүн шарт түзүлгөнү жакшы”,– дейт Керимбаева Наргиза.
9-октябрда Мектеп жаңы түстүү сыналгыга ээ болду. Бул тууралуу мектептин башталгыч класстар мугалими Акышбаева Эльмира билдирди. Мугалимдин айтымында, 2-“в” классында окуган Эмилбекова Айназиктин ата-энеси мектепке демөөрчүлүк кылуу максаттары бар экенин айтышкан.
“Кабинетибизде сыналгыбыз бар болчу, тилекке каршы, ал иштен чыгып калган. Окуучуларга сыналгыны ноутбукка туташтырып сабак өтчүмүн. Алар үчүн бул ыкма кызык, маалымат жеткиликтүү да болчу. Эми экраны чоңураак жаңы сыналгы менен сабактарыбыз мындан да кызыктуу болот деген ойдомун”, – дейт Эльмира Акышбаева.
Эмилбекова Айназиктин атасы Каселов Эмилбек жана жубайы Усубалиева Назгүл мектеп үчүн демөөрчү болуу максаттары көп убакыттан бери түптөлүп келгенин айтышты:
“Кызыбыз ушул мектепте билим алат. Мугалимдери болгон күч-аракетин жумшап билим беришүүдө. Сабакты мыкты өздөштүрүүсүнө кызыбыз жана башка окуучулар үчүн пайдалуу иш-аракет кылгыбыз келди. Демөөрчү болуу менен мугалимдердин ишине жардам берип шыктандырсак болот. Өз ара кеңешип, кабинеттеги иштен чыккан сыналгыны алмаштырууну эп көрдүк”.
—————————————————————————————————————————————————————————————————————————————————-
13-сентябрда Нинакан Жүндүбаева атындагы мектеп-гимназиясын 1999-жылы аяктаган Абдрасулова Жазгүл мектепке демөөрчү катары, 4 топ белекке берди. Ал учурда Германия өлкөсүнүн Гамбург шаарында жашап, жергиликтүү фирмалардын биринде офис-менеджер болуп иштейт.
“Быйыл 20-жылдыгыбыз өткөн. 25-майдагы иш-чарага катышуу үчүн даярдык көрүп, мектепке берилген белектерге салымымды кошком. Тилекке каршы, кызым ооруп калып 20-жылдык майрамыбызга катыша албай калдым. Бир кезде агайыма мектепке белек берем деп убадаладым эле, бүгүн убадамды аткардым”, — дейт күлүп Абдрасулова Жазгүл.
Белектерди өзүнүн бир кездеги класс жетекчиси жана дене тарбия сабагынын мугалими Мурат Арстанбековичке тапшырды.
“Жолдошум Германиянын волейбол боюнча лигасында ойночу. Өзү келе алган жок, бирок ойноп жүргөн тобун белекке берип, саламын айтты”, — деп кошумчалады Абдрасулова.
Өз кезегинде Мурат Токоев жана мектеп директору Тынчтыкбек Турсуналиев ыраазычылыгын билдиришип, демөөрчүгө үй-бүлөлүк бакыт, ийгилик каалап узатышты.