Бактыбекова Алина

2013-2014-окуу жылы “Алтын тамга” артыкчылык аттестатынын ээси

1996-жылы 25-августа Бишкек шаарында туулган. 2003-2014 жылдары Н. Жүндүбаева атындагы мектеп-гимназиясында окуган.

Мектептеги жетишкен ийгиликтери:

  • 2011-2012 — окуу жылдарында география сабагы боюнча райондук олимпиададан 2-орун. 
  • «Кара-коо периси 2012» кароо сынагында I орунду ээлеген
  • 2012-2013 — окуу жылдарында география сабагы боюнча райондук олимпиададан 3- орун.
  • 2013-2014 — окуу жылдарында география сабагы боюнча райондук олимпиададан 2-орун. 
  • 2013-2014 — ProKG Профессионалдар клубунун «Менин мектебим» долбоорунун алкагында республикалык тестирлоонун негизинде мектеп боюнча 2 орун 

Мектепти 2014-жылы артыкчылык аттестаты менен аяктап, И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын, «дарылоо иши» факультетине бюджетик негизинде окууга өткөн, жана жогорудагы окуу жайды артыкчылык (кызыл) диплому менен 2020-жылы аяктаган. 

Студентик окуу мезгилинде коомдук иш чараларга активдүү катышкан, алардын арасында 2018-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун уюштурууга кошкон салымы үчүн ыраазычылык каты менен сыйланган.

2018-жылы жайкы мезгилде эл аралык долбоорлор аркылуу Германия өлкөсүнө иштеп жана бештен ашык Европа өлкөлөрүн кыдырып көрүп келген. 

     Учурда И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясын “Акушерство жана гинекология” адистиги боюнча ординатурада окуйт.