Абдымажинов Тимур

2014-2015-окуу жылы “Алтын тамга” артыкчылык аттестатынын ээси

1997-жылы 3-июньда Нарын облусунун Кочкор районунун Кочкор айылында туулган. 2004-2015 жылдары Н.Жүндүбаева атындагы мектеп-гимназиясында окуган.

Мектептеги жетишкен ийгиликтери:

  • 2013-2014 — окуу жылында информатика сабагы боюнча облустук олимпиаданын жеңүүчүсү 1-орун.
  • 2013-2014 — окуу жылында Информатика сабагынан программалоо боюнча Республикалык чемпионат 5-орун.
  • 2014-2015 — окуу жылында информатика сабагы боюнча облустук олимпиаданын жеңүүчүсү 1-орун.
  • 2014-2015 — окуу жылындагы “Алтын тамга” артыкчылык аттестатынын ээси.

Мектепти 2015-жылы артыкчылык аттестаты менен аяктап, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин, инженердик факультетинин, компьютердик инженерия бөлүмүнө тапшырган. 2020-жылы университеттен окуусу боюнча  орточо баллы (GPA) 3.78  түзүп, өзү окуган факультети боюнча студенттер арасында биринчи орунга чыгып  артыкчылык (кызыл)  диплом менен бүтүргөн.

2019-жылы, Түркияда, Анкара шаарында жайгашкан Йылдырыма Беязыта атындагы университеттен (Ankara Yıldırım Beyazıt Üniversitesi) жайкы стажировка өтөп, ал университетте окуу-системаларында гемификация элементтеринин колдонуу өзгөчөлүктөрүн изилдеп келген.

Учурда программист, back-end development багытында окуп-иштеп жатат. Python Developer болуп, бир нече университет жана жеке долбоорлорду ишке ашырган. Азыр с# жана .NET фреймворгун изилдеп, TimelySoft компаниясында стажировка өтөп жатат.