Айсаана Оморова, “Мурас” фольклордук ансамблинин солисти

Биздин мектепти бүтүргөн Айсаана Оморова белгилүү комузчу Зайнидин Иманалиевден 6 жашынан тарта комуз чертүүнү үйрөнө баштаган. 2005-жылы “Жаш таланттар” кароо-сынагында баш байгеге ээ болуп, Түркияда өткөн “Түрк дүйнөсү”  балдардын эл аралык сынагында 128 мамлекеттин ичинен эң алдыңкы орунга ээ болгон. 2012-жылы “Устат-шакирт” долбоорунун мүчөсү болуп, “Ордо сахна” этно-фольклордук театрынын курамына кирип, 5 жыл иштеген. Учурда “Мурас” фольклордук ансамблинин солисти.